«БУЛ ДЕГЕН МИРЛАН БАЕКОВ ЭМЕС, МИРБЕК АТАБЕКОВ!..»
Башталышы – 19:00 (50 мүнөт кечикти) Билет баасы – 250-800 сом Алпаруучулар – Улан Барпиев, Санжар Мыкыев Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 100 пайызы (17-октябрь күнү) Эң мыкты номер – Мирбектин аткаруусундагы «Ильяздын ыры»
Кыргызчылык салтты бузбай, Мирбек Атабековдун концерти бир саат кечигип көшөгөсүн ачты. Кирерим менен көзүмө урунганы, залдын бир жагында Мирбектин, экинчи жакта ырчы жигиттин кара көзү Мээримдин жарнамадагы сүрөтү илиниптир. Ал эми сахнанын жасалгасында кеп жок. Концерттин күнөөкөрү Мирбек көп күттүрбөй «мен силерди сагындым» деп чыга келип, ырларын жандуу аткара баштады. Аны жандап бийлеген «Версус», «Стар Дэнс» топтору сахнага, ырга ого бетер көрк кошту. Коноктордон Гүлнур Сатылганова, Абидин Темиров, Арсен, Омар, Назгүл Токтакунова, Бек Исраилов келди. Алпаруучулардын «бул таластык жигит, жакшылап кол чаппасаңар таарынып Таласка кетип калат» деген чакыруусу астында Арсен англис тилинде ырдап-бийлеп кирди. Аны угуп отуруп бир саамга, жаштар айткандай, «кабакка» барып келгендей эле болдум. Баамымда, көпчүлүгү ырдын сөзүнө түшүнбөй эле отуруп калды көрүнөт. Бир маалда Мирбек «бул кыздын үнү абдан жакшы, укмуш ырдайт» деп Назгүл Токтакунованы чакырып, экөө дуэт ырдашты. Укмуш деген ырчы кызынын үнү Мирбектин жанында жакшы чыкпай, кысылып-буулуп, айткан комплиментине татыган жок. Алпаруучулар боюнча айта кетпесем да болбос. Бирин экинчиси «кызга окшошсуң» десе, экинчиси «сен балага жакынсың» деп бири-бирине тийишип, элди жандандырып жатышты. Бирок бир нерсе мага эле эмес, көпчүлүккө да жакпай калды. Бизде адат бар эмеспи, «ай, жигиттер, барсыңарбы-ы?», «кызда-ар, кана-аа?!» демейинче унчукпай отура бермей. Ошентип күүлөнтүп отуруп Улан «эмне Мирлан Баековдун концертине келгендей болуп отурасыңар?» десе, Санжар кошумчалай «бул деген Мирбек Атабековдун концерти-ии» деп кыйкырып жиберсе болобу! Мына сага! Жигиттер бул сөздү атайын айтыштыбы же импровизация болуп кеттиби, белгисиз. Муну Мирлан Баеков укса капа болмок. Анын да өзүнө тиешелүү күйөрмандары, Мирбектей эле таңшыган таланты бар... Анан да концертке көз боёочулардын келгени өзгөчөлүк жаратты. Ии, баса, унутуп кала жаздапмын, көрүүчүлөрдү Гүлжигит Калыков менен Даниелдин сахналаш агасын куттуктап концертине келбегени кызыктырды. Баары бир ырчылардын жандуу аткарган ырларын, алардын ырчылык дареметинин өскөнүн көрүп, өзүмчө сүйүнүп алып жолума түштүм.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
shok_Jigit
2012-10-26 15:21:07
Ар бир адамдын жашоодо оз орду бар,ошол сынары биздин талантуулардын да сахнада озуно жараша талантты орду бар,жана озуно жараша куйормандары бар,эл тараза эл сынчы эл баалайт!Мирбек менен Мирланга келсек айырмасы Мирландын ырларынын маани манызы абдан чон ойлондуруп койот,Мирбектин эски ырларды жанылаганы болбосо озунун ырларында жан деле жок бул менин жеке ойум,жандуу ун менен ырдаганын мага абдан жакты ийгилик
+1
NuraiNurdinova
2012-10-26 15:26:25
мен баарынарга кошулам Mirlandyn Mirbekten emnesi kem.suiloit dese ele alyp baruu4ulardy suilotup oozdorunan ak it kirip kara itti 4ygartpai maanisine jarawa suiloso bolmok da jaw alyp baruu4ular kop nerse bile elek da.
+1
vertual
2012-10-27 12:32:41
Урматтуу туугандар! Сынды айтканда бирин жакшы дебей, бирин жаман деп айта бербегилечи! Эки ырчы тен озунчо репертуарлары бар. Жаштарды которо суйлойлу, кыргызча бир бирбизди топит этпей. Мага Мирбектин да Мирландын дагы ырлары жагат. Алып баруучулардын денгээлдери томон болсо эмне кылабыз. Мирбек айттырган жок да.
Мирбек азамат, ырдап кыргыз элинди суйунтуп журо бер. Ырларын укканда, озунчо каниет алам.
Бар бол!!!
+2
talantasankul
2012-10-27 13:50:25
красавчик Мирбек!
-1
deputat1
2012-10-27 15:58:42
достор орто эсеп менен канча акча табышат деп ойлойсунар бир эле концертинен?
+1
nuradyl88
2012-10-27 22:18:45
deputat1,
Спорт ордосунда иштегендерден сурап кор да канча Вип орун, канча жонокой орун бар деп,... жалпы канча орун бар экенин санап туруп эсептеп аласын да озун канча тапканын...
Пы Сы. ушундан улам "Бироонун байлыгы бироого математика"- деген соз эсиме тушуп кетти....
0
strangergirl
2012-10-27 16:38:39
Маданиятсыз адам экенин билнизип коюптур го жанагы алып баруучу, уялып бети кызарды бекен, Мирбекти мактайын десе керек да, озулорунун денгээли жетет бекен Мирланга, багы жок байкуш алып баруучу
+1
strangergirl
2012-10-27 16:39:45
Кундор жаныраааат...
0
Sezima1023
2012-10-27 21:33:39
Биздин тамашоучулар кээде ашыкча тамашалап жиберишет. Ойноп суйлошсо да, ойлоп суйлош керек. Концерт боюнча айтсам, Мирбек мурда эле жандуу ырдаш керек болчу.
0
samat__kg..
2012-10-28 00:24:06
Негизи концерт аябай жандуу отуптур,Аа бирок тигил алпаруучулар туура эмес суйлоп алышыптыр..Мирбектин 100 ырынан Мирландын 1 ыры жузуно кулку жан дуйноно ырахат тартуулайт,,Эмнеси болсо дагы Мирбеке дагы ийгилик..
0
Aman_Mansurov
2012-10-29 06:38:53
катачылык алыпбаруучулардан кеткен. Ошол учун Мирбекти ушунча жамандайсынарбы? Мирбектин унунон Мирландыкы жакшы деп кайсы бетинер менен айтып жатасынар? Мен лично 2жолу коргом Мирландын живой ырдаганын уну жок экенго. Мирбек 1000эсе кучтуу Баековтон. Мирбек Атабековго тенеле албайт! Лично Бул созду Санжар Мыкыев айткан ошого кайрылгыла. Баековдун даже музыкальный билими жок.
-1
admin_MiranA
2012-11-01 10:43:11
mahabat., Адамдын аброюна шек келтирмей жок. Билдирүүңүз жашырылды.
Эреже окуп келиңиз, 7 күнгө бан!
0
асю
2012-11-02 12:03:58
мирбек атабеков эмес алпаруучулар ката суйлоп алды го...
0
zhanulya
2012-11-04 16:12:25
бул да болсо ведущийлердин денгээли томондугу эки адамдын ортосуна от жагып атышат
+1
seidakmatov
2012-11-04 18:36:32
Мирбек,Мирланга тен келе албайт.
0
Tolckunbek
2013-01-11 03:07:46
банн дегенде 2 нн болот! мирбек жакшы ырчы сыйлайм!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.