МАХАБАТ АЙДЫҢЫНДА

“Махабат сүйүү оту балбылдаган,
Ким кызып илебине албырбаган...” деген саптар атактуу инсан Касым
Тыныстановдун калемине таандык. Чын эле махабатка кимдер гана мас болбогон. Ырчыларыбыз да махабат майданында, сүйүү деңизинде сүзгөндүр деген ойдо биз да тамаша-чыны аралаш махабат үйүн куруп, кеп кылып койдук. Анда эмесе кеттик.

Махабаттан көңүлү калгандар

Мирбек “ Үч сүйүүм тең жоопсуз калды” деген продюсери Канатты тарткан окшойт. “Сени гана”, “Сени сүйөм, чын жүрөгүмдөн” деп созгон ырчы кийинки кезде эле “ай, ай, күндөр жаңырат, күнөөсүз бирөө сагынат” деп калды. Пай-пай, Мирбекти кайсы керме каш анчалык көңүлүн калтырды экен...

Айдин Шер “Эй, карындаш, сезесиң өзүңдү абдан сулуу” деп ырдаган Айдин бир заматта эле карындаштарын “малыш” деп чанды. Анан кайра “тушалган махабытым” деп калды. Ий, тушалган тура деп калсак, кайра анын көлөкөсүнө зар боло “эргитип жанды, эсимде калды, көлөкөм” дей баштады. Ушундан улам, Айдин да махабатына жетпей куурагандардын катарында го деген ой келди.

Сапар «Чагылганды» ырдап жүрүп махабатка малынып калган окшойт. Бирок кийинки мезгилде “жалдыратпа сен мени” деп баратып эле ал ырына куйрук улай “унутам сени” деп какшап калды. Сыягы сүйкүмдүү Сапарды кимдир бирөө жалдыратып туруп гана камырабай таштап кеткен окшойт.

Акбар алгач сахнага Султан экөө чыгып “сен жүрөгүмдү ыйлаттың, махабатым” деп калганда махабат келген окшойт дедик эле. Акбар “ал менин махабатым” десе, “ооба, сеники экени талашсыз” деп туруп кимдир бирөө кызын илип кеткен окшойт. Акыркы күндөрү “Гүлүм, гүлүм” деп эле калбады беле. Анан пираттык дисктерди даярдоочулар, мына сага деп Ташкент кызы Гүл менен Акбардын клиптеринен алып укмуш кылып монтаждап салышыптыр. Пиратың түшкүрдүкү десе.

Чыңгыз “Жыйырма беш, жыйырма беш, сезим гүлдөп сересине чыккан кез” деп чырылдап калды. “Чыкем 25ке чыгыптыр, үйлөнө турган убагы турбайбы” деп көз сүзгөн кыздар четтен табыларынан шек жок. Анан эле жактырганын бирөө илип кеткенби, Чыке “колдон түштү гүлүм, уурдаттым...” деп ырдап калды.

Махабатка мас болуп тургандар

Айгүл “Алдырба, алдырба, ай, өзүңдү кусалыкка” деп өзүн жооткотуп жүргөндө бир азамат жолуккан бейм. Темир тулпарын башка ырчыларга салыштырмалуу тез-тез алмаштырып калды. Анан эле ырчы кыз “жигитим темир тулпар алып бергенде” деп калат. Кыскасы, Айгүл учурда махабатка эс-мас да чиркин...

Бактыгүл “кайдасың менин ардагым?” деп ырдаганда көп жигиттер “мен мында, ала жат!” деп кыйкырып чыгат деңизчи. Ошолордун арасынан бир жигит ырчыга күн алыс 33 роза гүлүн берип жүрөгүн ээлеп, ал гана эмес, ырчынын колун сураганга да жетишкен. Ошентип, азыр Бактыгүл роза гүлүнүн жыты менен махабатка мас болуп турган чагы.

Султан “мен ушундай жөнөкөй жигит” десе, кыздар жөнө­көй жигитке чап эле жабышты. Анан эле “аркаңдан бүркүт болуп учмакмын, тогологум” деп эркелеткен Султанды бирөө азапка салганбы, “аячы, мени аячы” деп калды. Антсе аяп коёюн деп кара каш бирөө жүрөгүн багындырып алды. Учурда Султан махабатка мас болуп, “менин сүйүүм, менин махабатым” деп турган чагы.

Аидага элүүдөгү киши Акмөөр деп кызыкканына карабай, ырчы кыз учурда жигит тапкан. Махабатка мас болуп турган Аида ырларында улуу таңга учуп кетип Кулуевасыз калбасак эле болду.

Махабатка суусагандар

Замир Айланасында күйөр­ман кыздар гана эмес, сулуу-сулуу студент кыздар айланчыктап жүрөт. Ой, ага да карабай, карамак түгүл “вообще” көңүлү чаппайт десең. “Мен бактымды издедим” деп ырдаган Замирибиз да минтип махабатка суусап тургандарга илинди.

Сапар “Дүрдана, ко­луңдагы гүл кана... Аймончок кыздан башкача” деп жүрүп кызга эмес, колундагы гүл менен мончокко кызыгып кеткен окшойт. Айтор, Сапар бопбойдок. Сүйүүсүн күтүп, махабатка чаңкап турган чагы.

Кенже махабат менен сырдашканда эми сөз жетпейт да. Ал эми ырдагандачы “эркелетип саамайыңдан сылаган, күндөрдү эстейм менден алыс узаган” кайра “махабаттын отуна сен да мендей күйүп кал” деп созуп калат.

Махабат менен иши жоктор

Ирлан

“Окуучу, окуучу кыз” дегени менен компоюп сүйүүсүнөн дале дарек жок.

Ильяз

Билишибизче сүйүү эмне экенин билбей туруп эле көзүн жумуп алып “азаптарга кабылып, муздак түндү жамынып” деп сүйүү ырларын сыздата берет.

Сайкал

Кыз сүйүү ырын шоколадды элестетип ырдаганына караганда, азырынча сүйүү даамын тата элек.

Бегимай

700 роза гүлүн алса да Баткендин кызы бул махабатын “серьёзный” кабыл албагансыйт.

Даниель

Айдагы сулууга ашык болуп “Арзуулар” деп жүргөнү менен ашыгып сүйүп көрө элек болсо керек. Анткени «асса, асса, бийлейли» деп дегеле сыр бербейт.

Бириси күтсө, бириси сүйсө да, жылдыздарга айтарыбыз, бактылуу болгула! Жылдыздардын жүрөгү назик келчү эле. Катуу тамашалап жиберсек таарынмай жок.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 340, 8-14-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан