АТА МЕКЕНДИК СПОРТЧУЛАРДЫН ГОНОРАРЛАРЫ КАНЧА?

Спортчулар көптөгөн кесип ээлеринин арасынан өз нанын ак эмгеги менен тапкандардын катарына киришет. Дүйнөлүк миллионер спорт жылдыздарынын рейтингдери жарыяланып, алардын кимиси канча акча табарын угуп, окуп келебиз. Кыргызстандык спортчулардын да спорттон канча акча иштеп таба тургандыктары көпчүлүккө кызыгуу жаратары анык.

Баары алдыда

Олимпиадалык оюндардын башкы демилгечиси, атактуу Пьер де Кубертендин “о, спорт, сен – ааламсың!” деп айтканын бүгүн “о, спорт, сен – бизнессиң!” деп айтсак аша чапкандык болбос. Мындай көрүнүш батыш өлкөлөрүндө эчак эле өнүгүп, спортчулардын гонорарлары шоу-бизнес менен кинематография өкүлдөрүнүн кирешелери менен тең келип, айрым учурларда ашып кеткен мисалдар да бар. Тилекке каршы, мындай көрүнүш азырынча бизде жакшы жолго коюла элек. Чоң жеңиштердин болушу чоң каржылоодон түздөн-түз көз каранды.

Жакында «спорт тармагына буга чейин болуп көрбөгөндөй чоң каражат бөлүнөт» деген маалымат тараганына карабастан, 2009-жылга бюджеттен ата мекендик спортко соңку жылдардай эле 150 миллион сом бөлүп берүү каралды. Мындан 6 жыл мурда бул сумманын үчтөн бири гана бөлүнчү. Өлкө желегин желбиретип жүрчү азаматтарыбызга берилүүчү айлык акысын (стипендия) атайын комиссия жылына эки жолу бекитип турат. Анын өлчөмү 1000 сомдон 25 000 сомго (эң жогорку стипендия Олимпиадада байгелүү орундарга илинген спортчуларга берилет) чейинки сумманы түзүп, стипендия алчулардын саны 200дөн ашуун.

2008-жылдын эң бай спортчусу ким?

Спорттун олимпиадалык түрлөрү менен алектенген спортчулар үчүн былтыркы Бээжин олимпиадасы акча иштеп калууга башкы мүмкүнчүлүк болду. Өткөн жылы кимдин канча акча иштеп тапкандыгы “Бээжин-2008” менен тыгыз байланыштуу. Жогоруда аталган мамлекеттик стипендиядан тышкары атактуу спортчуларга ЭОКтун (Эл аралык Олимпиадалык комитет) да стипендиясы каралган. Эреже боюнча Олимпиадалык оюндарга 18 ай калгандан тартып ата мекендик 10 спортчубуз (мында спортчулардын саны чектелбейт. Болгону, УОК сунуштаган тизмеден ЭОК эл аралык рейтингге ээ болгон спортчуларды тандап алат) ай сайын 600 доллар алып турушкан. Алар: Нурбек Ибрагимов, Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев, Канатбек Бегалиев жана Руслан Түмөнбаев (баары грек-рим күрөшү), Улан Молдодосов (оор атлетика), Алексей Крупняков (эркин күрөш), Евгений Ваккер (велоспорт), Руслан Исмаилов (ок атуу) жана Татьяна Ефименко (жеңил атлетика).

Эске салсак, тизмедеги алгачкы 3 балбаныбыз олимпиадалык жолдомого ээ боло алышкан эмес. Демек, “өткөн жылы чоң спортто эң көп акча иштеп тапкан спортчу ким?” деген суроого жоопту аталган гонорарлардын негизинде аныктап алсак болот. Мамлекеттик (25 000 сом) жана ЭОКтун (600 доллар) стипендияларын, Олимпиадада ээ болгон күмүш медалы үчүн сыйлыкты (100 000 доллар) жана башка сыйлыктарды эске алганда, Канатбек Бегалиев алдына эч кимди салбайт.

«Миллиондор» оюнунда ким канча табат?

Эгерде батыш өлкөлөрүндө футболчунун кирешеси ири компаниялар (адатта ири кен өндүрүүчү, банк, уюлдук же автокомпаниялар) менен келишимдерден, түз алып берүүлөрдөн түшкөн каражаттардын негизинде калыптанса, бизде футболду сүйгөн чыныгы колдоочулардын көмөгү менен түзүлөт. Кыргыз футболу Аскар Салымбеков менен Советбек Сакебаевдин колдоосунун аркасында жашап келаткандыгы маалым. Башка командаларга салыштырганда “Дордой-Динамо” менен “Абдыш-Атанын” оюнчуларынын айлык акысы бир топ эле жогору. Алсак, бардык структураларын эске алганда, “Дордой-Динамонун” бир жылдык бюджети 12 миллион сом болуп, негизги курамынын оюнчуларынын айлык акысы орто эсеп менен 400 долларды (кошумча сыйлыктарды эске албаганда) түзөт. Команданын генералдык директору Б.Подкорытовдун айтымында, оюнчулардын ичинен бирөөнү “баарынан эң көп акча иштеп табат” деп бөлүп көрсөтүүгө болбойт.

Кикбокс менен бильярддачы?

Эл аралык ареналарда спорттун олимпиадалык түрлөрүнө кирбеген кикбокс менен бильярдда чоң өлчөмдөгү гонорарлардын боло тургандыгы маалым. Кезинде кыргызстандык кикбоксчулар да дүйнөлүк ири чокуларды багынтып, чоң суммадагы гонорарларга ээ болуп келишкен. “Гермес-профинин” промоутери Данияр Океновдун айтымында, учурунда Руслан Абасов менен Канатбек Сыдыгалиев мелдештерде 5 000 долларга чейинки гонорар алышса, азыр Ален Офойо менен Кумар Жалиев орто эсеп менен бир турнирден 3 миң долларга чейин алышат. Айта кетсек, “Гермес-профинин” бюджети 2 миллион сомду түзөт жана анын мүчөлөрү клубдун кароосунда болуп, ар тараптан камсыздандырылып турат.

Ушундай эле абал бильярд спортуна да тийиштүү. Федерация өлкө бюджетинен каржыланбайт, түрдүү демөөрчүлүк колдоолордон көз каранды. Бильярд чеберлеринин гонорарлары ашып кетсе 200 долларды (жакында өткөн КРнын кубогунун байге фонду 20 миң сомду түзгөнүн эске алганда) чапчып түшөт. Андыктан “анда бильярдчылар кантип акча табышат?” деген суроого КРнын БФсынын вице-президенти Шейшенбек Байзаков: “Алдыңкы бильярдчыларыбыздын көбү борборубуздагы ири бильярддык клубдарда иштеп акча табышат”,- деп жооп берди.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kgjigit
2009-10-05 12:57:13
биздин спортко озгочо футболго колдоо корсотулсо болмок жаш осуп келеаткандар коп
0
№ 340, 8-14-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан