Быйылкы жылдын көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдү кабарлайт. Сүлүктү шаардык мэриясынын сектор башчысы Абдубанном Кулдашев билдиргендей, быйылкы жылдын тогуз айында шаардын көмүр өндүрүүчү жайларынан 132 миң 440 тонна көмүр өндүрүлгөн. 2011-жылдын алгачкы 9 айында 121 миң тонна көмүр өндүрүлгөн эле.
Ушул тапта кенчилер шаарында жалпы мамлекеттик жана жеке 14 кен өндүрүүчү жай иштеп турат. Алардын эң ирилери болуп «Нур», «Ибрагимов», «Кызыл-Булак», жана «Марипов» болуп эсептелет. Сүлүктүнүн көмүрү Кыргызстандан тышкары Тажикстан, Ооганстандын үйлөрүн жылытып келерин кошумчалай кетпесек болбос.