СПЕЦНАЗСЫЗ ИРИ ОПЕРАЦИЯЛАР ӨТПӨЙТ

Мекенибизде уюшкан кылмыштуу топторго жана массалык дүрбөлөңдөргө каршы атайын түзүлгөн отряд бар. Отряд террорчуларды жок кылууда, согуш аракеттерин токтотууда да активдүү күрөшүүчүлөрдөн болуп саналат. Ансыз ИИМ уюштурган ири операциялар өтпөйт десек да жарашат.

СОБР (Тез чара көрүүчү атайын отряд) – КРнын Ички иштер министрлигинин алдындагы жана ага түздөн-түз баш ийген атайын аскерлештирилген өз алдынча бөлүм. Азыркы тапта Кыргызстанда СОБРда 10 отряд бар, анда орточо эсеп менен 150 кызматкер кызмат өтөйт. Коркунучтуу делинген атайын операцияларды жүзөгө ашырышат. Бир жылдын ичинде оперативдүү кызматтар менен чогуу кылмышкерлерди издөө, кармоо сыяктуу иш-чараларга орточо эсепте он миңден ашуун жолу чыгышат. Көптөгөн өтө коркунучтуу кылмышкерлерди, анын ичинде уюшкан кылмыш топтордун мүчөлөрүн кармоодо, ок атуучу курал, жарылуучу жана баңгизаттарды колго түшүрүүгө катышышкан. СОБР кызматкерлери тарабынан 2008-жылы 20 куралданган кылмышкерлер тобу, 300дөн ашуун куралчан кылмышкерлер менен 100дөн ашык ок атуучу куралдар колго түшүрүлгөн.

Тарыхынан

1988-жылы ОМОН болуп аталып, уюшулган кылмыштык топторго жана массалык дүрбөлөңдөргө каршы күрөшүү үчүн ачылган. Ошондо анын катарын эң мыкты милиция кызматкерлери толуктаган. Ал эми 1992-жылы ОМОН милициянын атайын дайындалган отряды болуп кайра түзүлөт. Кылмыш топторунун күчөшү, экстремизм жана эл аралык террорчулуктун таралуу коркунучу келип чыккандыктан, отряддын милдети башка нукка бурулат. Ошентип, 2006-жылы октябрь айында кайрадан СОБР болуп түзүлөт.

Кандай операцияларга катышкан?

СОБР кызматкерлери 1989-жылы Баткендеги, 1990-жылы Оштогу улуттар аралык чыр-чатактарды басууга катышышкан. Анан, албетте, 1999-2000-жылдары республикабыздын түштүгүнө кирген террорчуларды жок кылууда башкы ролду ойногон. Ошондогу согуш аракеттеринин убагында эки кызматкер өмүрү менен кош айтышкан. 2005-жылдын 1-ноябрында 31-колонияда массалык башаламандык болуп, кишилер өлүп, бир нечеси барымтада калганда да СОБРдун кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында барымтадагылар бошотулуп, тартип калыбына келтирилген. Мындайларды жаза берсек кагаз бети түт келчүдөй эмес. Эл аралык террорчуларга жана кылмыштуулукка каршы күрөштө СОБР ИИМдин түзүлүшүндөгү эң мыкты бөлүм болуп эсептелет. Бекеринен элиталык бөлүк деп да аталбаса керек.

“Мыкты шарттар көрүлүүдө”

“Спецназ” десе эле боевик кинолордогу беткап кийген жоокерлер көз алдыга келет эмеспи. Ал эми биздин спецназдар эмне иш менен алек болорун жакындан билүү үчүн ИИМдин тез чара көрүүчү атайын отрядына башбактык. Отряддын командири, милициянын подполковниги Мурзаев Жамалидин Сапарович бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Биздин негизги милдетибиз болуп куралдуу кылмышкерлерди кармоо, барымтадагыларды бошотуу жана кылмыш топторун кармоо эсептелет. Чакыруу түшсө күн-түн дебей 10-15 мүнөттүн ичинде толук даяр болуп чыгып кетебиз. Азыр отрядда 4 бөлүм бар. Анда 80 кызматкер кызмат өтөйт. Булардын көпчүлүгү чет өлкөлөрдө атайын окуудан окуп, стажировкадан өтүп келгендер. Курал-жарактарыбыз да жетиштүү. Жакында эле Орусиядан акыркы үлгүдө чыгарылган куралдарды алганбыз. Мына бул касканын айнеги да ок өтпөс болуп жасалган. Карамагыбызда БТРге чейинки аскердик техника бар. Кудай буюрса, бир айдын ичинде курулуп бүтүү алдында турган имаратка көчүп калабыз. Ал имаратта бизге керектүүлөрдүн баары болот. Мисалга, азыр тоодогу полигонго барып ок атып машыгып келсек, эми ошол эле имараттын жер төлөсүндө бутакана курулууда. Машыгуучу залдар, ашкана да ошол эле жерде болмокчу. Анын жанына 58 орундуу кызматтык жатакана да курулуп бүтүп калды. Ага биринчи кезекте үйбүлөлүү кызматкерлерибиз отурукташат. Мунун баарын ИИМ министири М.Конгантиев өз көзөмөлүнө алган. Жакында СОБРдун түзүлгөнүнүн 17 жылдык мааракесинде 27 кызматкерибиз (анын ичинде бешөө каза болгондон кийин) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланышты. Мыкты физикалык даярдык башкы орунда

Биз барган күнү бир бөлүм ГУУР менен чогуу иштегени кетсе, экинчиси ок атып машыгууга полигонго кетишти. Ал эми калган эки бөлүм машыгуу залында мушташ ыкмаларын үйрөнүүгө бөлүндү. Түштөнүүдөн кийин кезек тактикалык сабактарга келет. Саат 15:00дө атайын багыттагы аскерлер кайрадан спорт залына барып, урушуу техникасын эмес, штангаларды көтөрүү, түрдүү көнүгүүлөрдү аткаруу менен булчуңдарын чыңдоосу белгиленди.

СОБРга жумушка кирем дегендер үчүн

Жумушка кирүүнү каалагандар үчүн талаптар күчтүү. Сөзсүз түрдө аскер кызматын өтөп келгендер, физикалык жактан күчтүү, чыдамкай жигиттер кабыл алынат. Жаңы келгендер атайын сынактардан өтүүгө тийиш. Анан 10-15 күн сыноо убактысында иштешет. Булардан чыдап өткөндөр гана СОБР кызматкерлеринин катарына алынышат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 340, 8-14-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан