Журналисттик кесибимде 4-5 саат интервью алган рекордум ушул болду. Эки сөзүнүн биринде «бул кашкайган чындык» деп кайталоону жакшы көргөн манасчы, актёр, сүрөтчү Рысбек Жумабаев маек куруп отуруп, бир кезде сөзүн токтотуп «Манас» айта калып, бир кезде терең ойго чөмүлдү. Айтор, узакка созулган маегибиз кызык болду.
– Рысбек ага, кепти манасчылык өнөрүңүздөн баштасак...
– 11 жашымда түшүмдө кадимки Манастын 40 чоросу келип тегеректеп алган экен. Андан кийин да Саякбай Каралаев бир канча жолу түшүмө кирип, «сен «Манас» айтышың керек» дей берчү. Ошентип «Манас» айтып калдым.
– Бул өнөр сизге ким аркылуу өткөн?
– Таятам комуз чертип, ырым-жырымды көп колдонгон адам болгон экен. Айрым учурда «Манас» айтчу дешет. Ал эми чоң энем Сурмакан – санжырачы. Ата жагымда да, тай жагымда да чымыны бар адамдар бар. 9-класста окуп жүргөндө эң узак «Манас» айтканым эсимде. "Чоң казатты" үч саат айтканымда жанымдагылар араң токтотушкан.
– Сизди дүйнө жүзүн «Манас» айтуу боюнча кыдырып келген деп угуп калдык...
– 2002-жылы «Теңир-Тоо» деген 7 адамдан турган ансамбль түзгөнбүз. Ал топтун башында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нурлан Нышанов турат. Анан дагы Кенже Кубатова, Азамат Отунчиев сыяктуу мыкты өнөрчүлөр топтун курамын түзүшкөн. Ошол учурда өлкөнүн өнөрлүү адамдары биригип, көптөгөн мамлекеттерди кыдырып концерт бердик. Америка, Англия, Франция, Малайзия, Марокко, Кытай, Испания, Италия, Германия, Греция, Норвегияда болдук. Чет мамлекеттерге барып кыргыздын улуу дүйнөсүн, улуу маданиятын тартуулап келдик. Өнөрүмдүн аркасынан дүйнөнү кыдырдым.
– Дүйнө эли сиздерди кандай кабыл алат? Чет жерде өзүңүздү кандай сезесиз?
– Көп жерди көрүп, ар улуттун эли менен таанышып, чындап эле көзүм ачылды. Мурункудай көр дүнүйөгө болгон кызыгуум таптакыр жоголду. Ал эми маданият жагынан кыргыздын улуу дөөлөтүн, кыргыз маданиятынын бийиктигин өз көзүм менен көрүп келдим. Биз концерт койгон көпчүлүк жерде кол чаап кетирбей, жадакалса берилип ыйлагандар да болду. Германияга барганыбызда немистердин «ар улуттун аспаптарында ойноп келгенбиз, бирок кыргыздын комузунда ойной албай койдук. Сиз айткан «Манасты» айта албадык» деген сөздөрүн угуп, жүрөк жибибей койбойт экен.
2006-жылы Бельгиянын Брюссель шаарына концерт коюп барганыбызда Чыңгыз Айтматов биздин концертти көрүп, өзүн жоготуп, сахнага келип бизди кучактап алып ыйлаганы эсимде. Көрсө, ал киши чет жакта кыргыз музыкасына суусап жүргөн учуру экен да.
– Аталган топто канча жыл эмгектендиңиз?
– Келишим боюнча «Теңир-Тоо» тобунда 2009-жылга чейин иштедим. Келишим бүткөн соң башкаларга жол бошотуп, топтон өз эрким менен чыктым, бирок топ кийин тарап кетти.
– Жаш манасчыларга көз карашыңыз кандай?
– Бүгүнкү күндө «Манас» айтып жүргөн жигиттер айтат десе эле калпак менен чепкенди кийип, баштап алып аягына жетпей кыйналышат. Манасчы «Манас» айтып жаткан учурда күн күркүрөп, чагылган чартылдап, дайра толкубаса, анда «Манас» айтам деп убара болбой эле коюш керек. Мен «Манас» айтып жаткан көпчүлүк учурда жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
Алдыда «Манас» кандай ыкма менен айтылышы керек, кыймыл-аракет кандай болушу керек, деги эле айтуучулук касиет тууралуу дүйнөгө көрсөтсөмбү деп максат кылып жатам.
– Сүрөттү да катыра тартат экенсиз...
– Ооба, бош убактымда чиймелеп сүрөт тарта коём. Бир өзгөчөлүгүм, жалаң гана Манас, Семетей, Сейтек өңдүү баатырлардын сүрөттөрүн тартам. Башка нерселерди тартууга көңүлүм келбейт.
– Эми кепти актёрлук талантыңызга бурсак. Жалпысынан канча тасмада роль жаратууга жетиштиңиз?
– Мага түшүмдө аян катары белги берилет. Киного аралашарымда да атактуу актёр Сүймөнкул Чокморов менин түшүмө кирген. Чокморовдой болом деп эчен жолу сууга секирип, эчен жолу аттан жыгылганбыз. Кино өз эшигин ачат да, кирген адамдарды кайра чыгарбайт. Жалпысынан 8 роль жараттым. Эң алгачкы ролум Эрнест Абдыжапаровдун «Менин пирим Алмамбет» кыска метраждуу киносу болду. Андан кийин «Булут алдындагы кыргыз кереметтери», «Бейиштеги бир күн», «Бешик», «Кумурсканын изи», «Жаңгактуу токойдун арбактары», «Чайка» тасмалары. Жакында «Курманжан датка» тасмасында башкы ролду жараттым. Жараткан ролдорумдун ичинен кыйынчылык туудурган тасма катары «Бешикти» айтар элем. Түштүк жергесинде сел жүрүү маселеси абдан чоң көйгөй экендиги талашсыз. «Бешик» киносу мына ошол жаратылыш кырсыктарын чагылдырат. Кычыраган кыштын ызгаарында суу кечип, суукта роль жаратуу бир топ түйшүк. Атайын медициналык спирт ичимдиктерин колдонуп жатып араң тартылганбыз.
– Эми жеке жашооңузга келсек...
– Алты баланын атасымын. Манас дүйнөсүнө аралашкандан тартып үй тиричилигине кызыкпайм. Башкача айтканда, акчаны тапкан, аны короткон – жубайым Айжан. Балдарымдын ичинен улуу кызым Жамал менин жолумду жолдойт деп ишенем. «Манас» айтууга кызыгып, айрым учурда айтып да калат.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg