УРА, СТУДЕНТТИК ЖАТАКАНАДА РЕМОНТ! БИРОК...

«Студенттин чыныгы жашоосу жатаканада» деген кеп бар эмеспи. Шаарыбыздагы Нарын мамлекеттик университетинин жатаканасы оңдоодон өткөнүн угуп, студенттик күндөрдү эске салып келүүгө сапар тарттык.

ДААРАТКАНАНЫ БЕКИТКЕНДЕ СТУДЕНТТЕР КАЙДА БАРЫШАТ?
4 кабаттуу имарат учурунда студенттерге толуп турчу эле, азыр 3-4-кабаттар гана ишке берилиптир. Жалпысынан жатаканада 70 студентке орун каралган. Учурда
56 студент бөлмө менен камсыз болуп, калган 14 орун сырттан келген конокторго жана билимин жогорулатуучу курстарга келген мугалимдерге берилет. Билим берүү министрлигинен
1 миллион 200 миң сом каражат бөлүнүп, ага 3-кабат оңдоодон өтүп, 4-кабаттан 2 секция оңдолгон. Ашкана, даараткана, бети-колду жуучу жай, медициналык жардам көрсөтүүчү бөлүм, эс алуучу жай заманбап жабдуулар менен жабдылыптыр. Бирок студенттер бөлмөлөрүндө кирлерин жууп, даараткананын кызматын белгилүү гана мөөнөттөрдө (1-2 саат) колдоно алышат экен. «Турмуш кыстаганда» студенттер кандай кылышат?» деген сурообузга комендант Бакыт Сулайманов: «Аны студенттер өздөрүнөн көрүшсүн. Гигиенаны сактабай, таза колдонбогондуктан, даараткананы маал-маалы менен ачып, анан бекитип коёбуз»,- деп жооп кайтарды. Эгерде колдонууга берилбесе, анда эмнеге оңдоо жүргүзүлдү?..

БИР ЛЕПЁШКА ЖЕ «КИРИП КЕТЕЙИНЧИ...»
Студенттер кеңешинин чогулуштары өтчү жайга да баш бактык. Комендант жакында 200 миң сомго жумшак эмеректер, стол-стулдар, сыналгы жана башка инвентарларды аларын жана бүтпөй калган жерлер аягына чыгарын айтты. Сапарыбызды студенттердин бөлмөлөрүнө уладык. Шифоньер, тамак-аш, китеп салынчу шкафтар жана уктоочу дивандар – баары жаңыланыптыр. Дасторкон жыйып, бөлмөсүн иретке келтирип жүргөн студенттердин айрымдарын кепке тарттык.

– Кыздар, жатаканадагы оңдоо-түзөөлөргө кандай ой айтат элеңер?
– Шарттар ойдогудай эле түзүлдү, буга чейинки абал өтө начар болчу. Бөлмөлөр суук, эмеректер эски, мектептикиндей парталарга чай иччүбүз. Керебеттер да эски эле. Суу чыкчу эмес. Шаарда турарга жерибиз жок, алыскы райондордон келгендиктен, айла жок эле жашачубуз. Даараткана үчүн сыртка чыкчубуз, айрыкча түнкүсүн абдан кыйналчу элек.

– Азыр деле даараткана бир саатка эле ачылат турбайбы...
– Азыр канализация жакшы болбой жатат деп жатышат. Бир азда ишке кирет болуш керек.

– Тазалыкты кандай тартип менен кармайсыңар?
– Күн сайын ар бир бөлмө кезектешип жууп-тазалап турабыз. Ар аптада жалпы ишембилик сыяктуу баарыбыз тазалоо иштерине чыгабыз.

– Биз угуп калдык, «кыздарга сырттан келген жигиттер вахтадагыларга 20 сом берип же бир лепёшка сатып алып кирип кетишет экен» деп. Ушул чынбы?
– Биз да ошентип укканбыз, бирок күбө болгон эмеспиз.

ТАМАК УУРДАМАЙ ПОПУЛЯРДУУ
Кийинки секциянын эшигин кагып, кайдан келгенибизди түшүндүрө баштаганда эле «биздин бөлмө чачык, кыздар жыйнабай кетишиптир. Мен эч кандай маек кура албайм, билбейм!» деп чачы чала-була таралган, маанайы суз кыз эшигин жаап, илип алды. Шаабайыбыз сууп, бул боюнча студенттердин ден соолугун, жатаканадагы тартипти жана тазалыкты көзөмөлдөөчү адис Айгүл Ибраеваны ээрчитип келсек, бир заматта тартипке салып, ачылбаган эшиктин баарын ачтырды. Муну көрүп, «тартип жакшы эле окшойт» деген ойго келдик.
Секциялардын бир тарабы жигиттер үчүн, ал эми экинчи тарабы кыздарга бөлүнүптүр. Сабактан тараган студенттер нан, өсүмдүк майын, картошка, кесме көтөрүп кирип жатышты. Бири-биринин эшиктерин тыкылдатып, «кыздар, казан берип тургулачы, анан бир аз калемпир дагы» деген добуштарды угуп, студенттик күндөрдү көз алдыбыздан өткөрүп жылмайып алдык. Ашканада электр плиталары, нан бышыруучу плита жана жашылча-жемиш жуучу жай бар экен.
«Айылдан эт менен ун алып келебиз. Кыздар нанды көбүнчө өзүбүз жасайбыз. Тамактын түрлөрүн жасаса болот. Кечкисин ашканада карап турбасак, салтка айланган тамак уурдоо биздин жатаканада да популярдуу»,- деп жылмайды дагы бир студент кыз.
Мамлекетибиз жакшы эле тырмышып шарт түзүп, бардык тармакты заманбап технология, жабдуулар менен жабдыгысы келгенсийт. Бирок жанагы даараткананы бекитип койгон сыяктуу көрүнүштөр кейитет.
Акырында «студенттик жатакана беш жылдыздуу болуп кетиптир, бардык шарттар түзүлгөн» деген ойду айта албайбыз. Ага жетпесе да, айтууга арзырлык оңдоо болуптур. Аракеттин эле өзү канча?..

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
dia-omur
2012-10-29 20:16:08
бир болмодо 4 адам турабы
0
Ханбийке
2012-10-30 00:32:17
супер инфо кызыксынар ачылбаган эшиктерди ачтырдык деп курсант болосунар, мумкун студенттер чарчагандыр тынч эс алгысы келгендир.........
0
Jamalym
2012-10-30 02:06:09
Ханбийке, мен да ошону айтайын дедим эле.Анан да ажаткана маселеси ;-) жаман экен.
0
djonni
2012-11-01 01:23:13
скоро бакалашкага сийип айнектен ыргыта башташат даарат каланы ачпасанар хе хее!!
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан