«УЛГАЙГАН АДАМДАРДА СҮЙҮҮ КҮЧТҮҮ БОЛОТ»

Кийинки күндөрдө дуэт ырдаган эки эжекебиз элдин көңүл борборунда. Жаш өтсө да, талант «булк» этип чыга калдыбы, айтор, эжекелер «сүйүп жүрөм, күтүп жүрөм...» деген саптары бар ырды аткарып, Ошту жарып жатышат. Анда кесиби филолог Өктөм Калыева жана Мастура Шарипова менен маек.

– Мастура айым, сизди мыкты педагог жана тилчи деп билчүбүз, эми ырчы катары тааный баштадык...
– Студент кезден тартып эле майрамдык кечелерде ырдап келем. Оюн-күлкүгө, юморго абдан жакынмын. Бирок эл алдына ырдап чыгам деген максатым жок болчу. Буга Өктөм эженин таасири тийди. «Сүйүп жүрөм» аттуу ырдын обону да, сөзү да Өктөм эжеге таандык. Былтыр Өктөм эженин 50 жылдык мааракесине белек болсун деп ырларынан бирөөнү ырдап чыгууну сунуштагам. Мага ушул ыры жагып калып, экөөбүз дуэт ырдап чыктык.

– Талантыңызды жашырып жүргөнүңүзгө жол болсун...
– Бир аз чымын бар болчу. Мыкты акын Атантай Акбаров Өктөм эженин жолдошу болот. Айтмакчы, анын Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусундагы «Көзүңдү сүйдүм» деген ыры Өктөм эжеге арналыптыр. Обонун Өктөм эже жазган экен. Чыгармачыл жубайлар менен карым-катышта жүрүп, чыгармачылыгым ого бетер ойгоно баштады.

– «Жашы улгайып калганда айымдардын «сүйүп жүрөмүн, кусалыктан абдан жүдөдүм...» деп ырдаганы кызыктай туюлат экен» дегендер да жок эмес...
– Сүйүү жаш кезде же улгайганда келет деп эч ким айта албайт. Тескерисинче, улгайганда сүйүү сезими күчтүү болот.

– Эми ыр дүйнөсүнө аралашып, ырдап чыгайын деген оюңуз барбы?
– Ыр дүйнөсү адамда башкача бир стимулду жаратат экен. Жолдо баратсам адамдар токтотуп алып «эжеке, сиз ырдайт турбайсызбы» дешет. Мен сыйлап, кумир туткан Өктөм эженин ырларын аткаруудан баш тартпайм.

– Айтмакчы, сиз ОшМУнун жамаатына эле эмес, Ош шаарына да узун чачыңыз менен таанылгансыз. Узун чачтын сыры эмнеде?
– Ушундай узун чачты асырап жүргөнүм үчүн жолдошум мени урматтап, сыйлап келет. Менин таенемдин, апамдын чачы да узун болгон. Таенем 80ге чыкканча чачы узун боюнча сакталып, бир да ак аралаган жок. Апам да 75 жашында дүйнө салды. Узаткан адамдар таң калышкан, «чачына ак түшпөптүр» деп. Үй-бүлөдө төрт кызбыз, төртөөбүздүн тең чачыбыз узун. Аялдардан өзгөчөлөнүп башкача ыкмаларды колдонбойм. Болгону, чачты кыркуу деген ой менде такыр болгон эмес.

– Таенем, апам деп кеп козгоп калдыңыз. Кайсы жердин кызысыз?
– Ноокаттын кызымын. Сегиз бир тууганбыз. Кадамжайдын келинимин. Жолдошум экөөбүздүн бир уулубуз бар.

– Ырдап чыкканыңызды жолдошуңуз кандай кабыл алды?
– Тар чөйрөдө ырдап жүргөнүмдү билчү. Бул ыр деле терс таасир алып келген жок. Мен кандай ийгиликтерге жетишсем, дайыма колдойт. Кубанып жасаган ишимди ал да сүйүнүү менен кабыл алат.

«Сүйүп жүрөмдүн» автору Өктөм Калыева менен да пикирлешкенге үлгүрдүм.
– Өктөм эже, аталган ырдын жаралганына көп жыл болуптур, бирок эми гана ырдап чыкканыңызга эмне себеп болду?
– Бир жолу ырдап чыккам. Кийин бала багып, турмуш-тиричилик менен алпурушканга туура келди. Ошондо чыгармачылыгым экинчи планга жылып, ырларым ырдалбай калган. Мен обон чыгарып жүргөн мезгилде кыргыз тилиндеги ритм менен ырдалган, башкача айтканда, бийлей турган ырлар аз болчу. Тил комиссиясында иштегендиктен, ошол учурда кафе-ресторандарда кыргыз музыкалары коюлсун деген демилге менен чыкканбыз. Кийин кафе-ресторандарды текшергенибизде «кыргыз музыкалары бийлегенге туура келбейт» деген пикирлерди уктук. Ошондо бул обонду ритмдүү кылып, бийлегенге ылайыкташтырып чыгаргам. Бирок ырдалбай жүрүп, жакында эле менин 50 жылдыгым болуп, Мастура мага «эже, сиздин бир ырыңызды ырдап чыгалы» деди. Ошентип ырдап калдык.

– Эки айымдын «сүйүп жүрөмүн, үзбөй күдөрүм...» деп ырдаганы кызыгууну жаратты...
– Кээде сурап калышат, «жолдошуң менен ырдап чыксаң болбойт беле? Эмне үчүн эки айым ырдадыңар?» деп. Мастура өзүнүн сүйүүсү, мен өзүмдүн сүйүүм жөнүндө айтып жатабыз да. Эллира аттуу кызыбызга арналган ырымды жолдошум экөөбүз «Үй-бүлө» жылына карата дуэт ырдап чыкканбыз. Өзүмдүн аткаруумдагы «Мени эсте» деген ырым да эл арасына кеңири тараган.

– Сиздин ырларыңызды учурда кайсы ырчылар аткарып жүрүшөт?
– Өсөр Козуев, Айчүрөк Иманалиева сыяктуу көп ырчылар аткарып жүрүшөт. Эллада Асылбекова жана Замир Савитахунов деген жубайлар менен да бул жаатта иштешип келе жатабыз. Эллада алгач «Ромеодон сүйүүм күчтүү издесең...» деген саптардан турган «Сен» аттуу ырымды ырдап чыккан. Кийин аны Салима Балтаева сурап алып, жаңылап ырдап чыкты. Бирок Салима «өзүмө жакпай жатат, жакшы жеткире албай калдым, кайрадан жаздырам» деп жүргөн. Эми өзүмдүн ырларымды өзүм аткарып чыксам деген пландар бар.

– Рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nurka_85
2012-10-29 11:13:51
талантыныз ташкындай берсин мастура эжеке
юморго жакын экениниз билчуубуз бирок ырга да жакын экенинизди билбептирбиз
ишинизге ийгилик
0
dinar83
2012-11-01 09:21:12
Ишиниз ар дайым ийгилик коштоп журсун.
0
JJAN
2012-11-01 22:46:53
ishinizge iygilik,men bilbeptirmin yrga shygynyz bar ekenin...
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан