СУЛУУЛУГУҢУЗДУН СЫРЫ ЭМНЕДЕ?

Адамдын ким экенин, анын ички дүйнөсүн, ал гана эмес жашын да көргөзө алган нерсе – адамдын жүзү. Сахнага жаркырап чыгып жаткан ырчылар ошол жүзүнө кантип кам көрүшөт билесизби? Анда өздөрүнөн сурайлы. Алар колдонгон ыкма, балким, сизге да жагып калар.


Гүлнур Сатылганова:

– Бошой калганда эле дароо бетиме кам көрүү – менин унутта калбоочу адаттарымдын бири. Үйдө табигый маскалар жазылган “Сулуулукка жол” деген китебим бар. Анда жыл мезгилдерине, беттин терисине жараша түрдүү маскалар жазылган. Мен учурда кандай ыкма колдонуп жатам, азыр сага китебимди алып келип айтып берейинчи. Жаңы капустаны майда туурап, сүткө көпкө чейин кайнатам. Боткодой болуп эзилгенде оттон чыгарып коём. Муздаганда аны бетке, моюнга жабам. 20 мүнөт өткөндө жылуу суу менен жууп салам. Ал эми кышында 1 чай кашык майонезге 2 кашык каймак, 1 кашык жумуртканын сарысын кошуп аралаштырып, бетиме сүйкөйм. Муну деле 20 мүнөттөн кийин жууп салам. Анан да жумасына бир жолу косметологго барып, бетиме массаж жасатып, тазалатып турам.


Алихан:

– Эркектер айымдарга караганда бетине көп деле көңүл бурушпайт да. Менин бетим кургак да, майлуу да эмес. Безетки деле чык­пайт. Кез-кезде эле кечинде же эртең менен бет жууган гель менен жууп койгонум болбосо, бетимди ойлоп да койбойм. Анан, албетте, телевидениеге тартыларда гримдөөчүлөр бетмай сүйкөп, упа жабышат. Аны деле жука эле сүйкөтөм.


Райхан Абдувалиева:

– Оой, бетиме укмуш кам көрөм да. Кечинде кечки, күндүз күндүзгү бетмай сүйкөйм. Андан сырткары, бошой калганда тоголок кесилген бадыраң, помидорду бетиме жаап алып, 15 мүнөт чалкамдан жатам. Кээде бадыраң менен помидорду кулпунай же бүлдүркөн менен алмаштырам. Бетим кичинекей да, бир сыйпаганга бир эле даана кулпунай же бүлдүркөн жетет. Жаны тынбаган, тынчы жок­торго бырыш кеч түшөт деп коюшат эмеспи. Мен тынчы жокторго кирем. Ошондуктан мага бырыш кеч түшсө керек деп ойлойм.


Нурайым Азыкбаева:

– Менин бетим абдан көп ыкманы, жакшы көзөмөлдү талап кылат. Элдикинен башкача майлуу. Безетки да көп чыгат. Кичине эле чаң болсо кычышып, аллергия болуп чыгат. Апам “AVON” фирмасында иштейт. Ал мага керектүү бетмай, скраб, ар түрдүү каражаттарды алып келип берет. Ошо­лорду колдонуп, безеткиден аман калып жатат окшойм. Аларды сүйкөбөй койсом эмне балээ болуп кетмекмин билбейм. Көпчүлүк убакта бетиме кам көрөм деп жатып барчу жериме кечигип барам. Ошондо ушунчалык жиним келет десең.


Дайыр Исмадияров:

– Оо, жакшы суроо экен. Кандай кам көрөрүмдү айтсам ишенбейсиз. Менин ишим жол жүрүүгө ылайыкташкан. Башкача айтканда, дайыма машина менен жолдо жүрөм. Анан Боом капчыгайына кире бериштеги жер алдынан чыккан булактын суусунан бөтөлкөлөргө толтуруп келем. Күндө эртең менен ошол суу менен жууйм. Эки жылдан бери бир да жолу суум түгөнүп калган учур боло элек. Минткен себебим, ал сууну эмнегедир тазалыктын белгиси катары билем. Анын үстүнө, ал булактын жанында мазар бар. Жол жүрүүчүлөр атайын токтоп чүпүрөк байлап кетишет, билсеңиз керек.


Анжелика:

– «Бетиңе кандай кам көрөсүз?» дейсизби? Эч кандай деле... Бир жумада бир жолу өзүмдүн салонума келип, косметологго бетимди тазалатам. Андан сырткары, анда-санда сапаты жогору, курамында зайтун (оливка) майы бар бетмайларды сүйкөйм. Бетке каражат колдонуунун да өзүнчө ыкмалары болот эмеспи. Бетмайды дайыма кулак түптөн чекеме, чекеден мурунга, мурундан кайра кулак жакка сүйкөйм. Бетмай сатып аларда чоң идиштегини да албайм. Анткени бир бетмайды кечке колдоно берсең бетиң ошого көнүп калып, башкасын сүйкөй койсоң бетиңдин териси бузулат. Ошондуктан бетиме сүйкөөчү кремдерим ашып кетсе эки айга жетет.


Алекс:

– Кудайга шүгүр, бетим тунук. Бырыштар аз-маз эле. Ага деле кайгырбайм, ошол бырыштарым менен сүйкүмдүү көрүнөм. Чынында, бетке кам деле көрбөйм. Эртең менен самындап жууп коём. Съёмка болордо келинчегим тональный крем сүйкөп берет. Камеранын алдына барганда гримдөөчүлөр келинчегим сүйкөп берген бетмайдын үстүнөн упа жабышат. Ошол.


Бегимай Эсенгулова:

– Бардык эле кыздар бой жете баштаганда бетине безетки чыкса керек. Мен дагы безеткинин айынан көп кыйналдым. Кыйналуу менин жеңишим менен аяктады. Көптөн бери безетки чыкпай, бетим тунук, таза болуп калды. Ромашканы, карындызды сууга кайнатып, дакиден өткөрүп, анан бетимди ошол суу менен жуучумун. Андан сырткары, ошол эле дакиден өткөн сууну муздаткычка тоңдуруп коюп, күнүгө эртең менен муз менен сүртчүмүн. Бул ыкмаларды колдонгону бетиме эч нерсе чыкпай калса болобу. Муну азыр деле анда-санда колдоном.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 340, 8-14-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан