Октябрь айынын башында Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн арасында спорттун жеңил атлетика түрү боюнча мелдеш өттү. Тактап айтсак, Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттери катышкан мелдешке Каракол шаарынан жалпысынан 10 спортчу аттанган. Жагымдуу жаңылык катары алардын ичинен Каракол шаарынын спортчулары эки алтын, эки күмүш жана бир коло медалына ээ болушкандыгын айтууга болот. Бул тууралуу Каракол шаарынын спорт мектебинин директору Турат Осмонов билдирди. Эмгектин акыбети кайтып, Баатырбек Чукебаев, Ислам Жеңишбеков аттуу азаматтар намысты колго алып беришти. Жигиттерден кем калышпай Темирбек кызы Элиза да коло медалды багындырды.