КУРГАК УЧУК ДАРТЫН АНЫКТООГО АППАРАТ ЖЕТИШПЕЙТ

Облуста кургак учук илдетине чалдыккандар көп. Илдетти аныктоочу рентген аппараттарды адистер көп жылдан бери колдонуп келишкен. Ал аппарат таптакыр иштебей калгандыгына беш жыл убакыт болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук кургак учукка каршы борборунун жетекчиси Кубанычбек Токтобаев маалымдайт. Анын айтымында, медициналык текшерүү аппараттарын жаңыртууга жыл сайын өкмөткө кайрылуу жасашат. Бирок өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай майнап чыкпай келет. Эске сала кетсек, жакынкы аралыкта эле Ош жана Чүйгө аппараттар берилип, тилекке каршы, Ысык-Көл өрөөнүнө жетпей калган.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан