КӨЛДҮК ЭКИ ЖАРАН МЕККЕДЕ КӨЗ ЖУМДУ

Ысык-Көл облусунан 187 адам 7-октябрда ажылык сапарга аттанган. 16-октябрда Мекке шаарында зыяратчылардын бири, Каракол шаарынын тургуну, 60 жаштагы Гүлай Сагымбаева жол кырсыгына кабылып, каза болду. Ошондой эле Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылынын тургуну Акимказы Касымалиев боору шишип көз жумган. Каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү муфтият жана мамлекеттер аралык чечимдин негизинде, туугандарынын макулдугу менен Меккеде жерге берилди. Алардын жакындары 18-октябрда маркумдарга багыштап жыт чыгарып, куран окутушту. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыков билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
gulumka
2012-10-30 14:18:03
Жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
Rostov-on-Don
2012-11-01 17:11:45
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!Баса менин да кайын тайтам кеткен, анын эсен-аман кайтып келуусун тилейбиз!
0
step-ap
2012-11-04 19:27:15
Аллах бейиштен орун берсин!
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан