БАЛДАР ҮЙҮНДӨГҮ ҮМҮТТҮҮ КАРЕКТЕР

Наристе бул – ар адамдын турмуштан тапкан тумары, байлыгы, артында калчу туягы. Биздин баяныбыз ата-эне мээримине зар болуп, балдар үйүн байырлаган балдар тууралуу болмокчу.

БАЛА АСПАП СЫЯКТУУ, ОЙНОГОНДУ БИЛҮҮ КЕРЕК
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1-Октябрь балдар үйү 1976-жылы ишке кирген. 72 бала жашаган бул үй мамлекеттин, ИИМдин камсыздоосу алдында. Биз барган маалда эшикте балдар чурулдап ойноп жүрүшүптүр. «Саламатсыздарбы, кайдан келдиңиздер?» деген балдардын курчоосунда калдык. Алар менен жетелешип мугалимдердин бөлмөсүнө баш бактык. Балдар үйүнүн тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Чынара Жабирова биздин суроолорубузга жооп берди.

– Бул жерде балдарга жетиштүү эле көңүл бурулабы?
– Эми ата-эненин мээримине эмне жетсин? Балдардын дээрлик көбү ажырашкан үй-бүлөлөрдөн. Ата-энеси каза болгон балдар да бар. Күнүнө беш маал тамак берилет. Анын үч маалында ысык тамак беребиз. Мен жаңы жумушка кирген маалда балдар көчөдөн өткөндөрдөн нан сурашчу. Көрүп алып уялчумун. Азыр антпей калышты.

– Жаңы эле оңдоп-түзөө иштери болгон окшойт...
– Быйыл баштан-аяк оңдоп-түзөдүк имаратты. Терезелерден шамал арылдап турар эле. Жаңы терезе салынып, бөлмөлөр жылуу боло түштү. Курулгандан бери капиталдык оңдоо болбоптур. Үч жыл мурун кыштын күнү балдарды жетелеп алып менчик мончолорго барчубуз. Ошондо бир банк жардам катары мончо куруп берген.

– «Балдардын бул жерден чыккандан кийинки тагдырлары эмне болот?» деген ой кыйнабайбы сиздерди?
– Бул жактан чыккан балдардын баары эле турмушта өз ордун тапкыча кыйналышат. Таң калычтуу көрүнүш, бирок бизден кеткен балдар өздөрүнө жакын чөйрөдөн жубай тандашат. Бизди ата-энесиндей көрүп калышат да, тойлоруна чакырышат. Биз болсо колубуздан келишинче көтөрүнүп барып келебиз. Окуу жайда окуп, жакшы ийгиликтерге жеткен балдар да жок эмес.

– Ушул иштеген убактыңызда сизди эмне өзгөчө таң калтырды?
– Балдар үйүндө иштегениме 20 жыл болду. Ушул жылдар аралыгында түрдүү тагдырды көрдүм. Жашында баланы тарбиялоо оңой болот. Силерге бир окуяны айтып берейин.
Төлөгөн деген бала бизге 9 жашында келген эле. Ата-энеси каза болуп калып, байкеси багып алган экен. Анын балдары Төлөгөндү батырбай, ал үйдөн качып кеткен. Көчөлөп жүргөн кезинде аны бир үй-бүлө багып алыптыр. Костюм-шым алып берип окууга жөнөтсө, эки күндөн кийин ал жерден качып кетиптир. Айтор, ошентип көчө баласына айланып калганда бизге укук коргоо кызматкерлери алып келип тапшырышкан. Келгенден кийин ал такыр балдарга кошулбай койду, аябай түнт эле. Качып кеткен күндөрү да болду. Ошондо мен өзүмө сөз бердим, «мен мунун айласын табышым керек, ушул кичинекей балага алым жетпейби?» деп. Психолог болуп да иштегем. Бир күнү аны чакырып алып «спортко кызыгасыңбы?» десем, «жок» дейт. Сабактан кача бергенинен ар дайым «балам» деп жаныма алып жүрчү болдум. Ыр-бийге шыгы бардай туюлганынан «ырдай аласыңбы?» десем башын ийкейт. Ырдатсам үнү аябай мукам экен. Кол чаап, коштоп, мактап жаттык. Ошондо анын биринчи жолу жылмайганын көрдүм. Директорубуздун бөлмөсүнө чуркап кирип «Төлөгөн күлдү!» дептирмин. Ал азыр алдыңкылардын бири.

«АПА, КЕЛБЕЙ ЭЛЕ КОЮҢУЗ, КҮН СУУК...»
Мында балдар 1-класстан 9-класска чейин гана билим алып, бүтүрүүчүлөр кесиптик лицейлерге атайын жеңилдиктер менен кабыл алынышат. Балдар жатчу бөлмөлөргө баш багып, ашканасына көз жүгүртүп, шарты жакшы экенине ынандым. Күн бир аз сууктай түшкөнүнө кабатыр болуп жууркандарын карасак, жылуу пледдер берилиптир.
Коридордо бара жатып балдардын кобураганын угуп, эс алуучу бөлмөгө баш бактык. Балдар чогулуп сыналгы көрүп жатышкан экен. Ал арада жанымдагы кызды сөзгө тарттым.

Гүлбахар, 13 жашта
– Гүлбахар, кантип келип калдың бул жерге?
– Ата-энем ажырашкандан кийин келгем. Уул болсо деп атам күтүп жүргөн экен. Апам жалаң кыз төрөй берип, атам бизди таштап кеткен. Анда мен беш жашта болчумун. Алтыга чыкканда апам мектепке алып барды. Москвага барып иштеп, мага кийим кылып берип эптеп окутуп жатты. Ошондо апам кыйналып кетти окшойт, мени чоң атамдын үйүнө жөнөтүп жиберди. Анан кайра ушул жерге алып келди. Бул жер мага жакты, ошон үчүн өзүм калам дедим. Азыр апам Москвада, атам да ошол жакта экен. Мен төрт жашта болсом керек эле, атам келип көрүп кеткен. Андан бери жолуга элекмин.

– Ата-энең кайра чогуу болушун каалайсыңбы?
– Каалайм. Бирок атам башкага үйлөнүп, апам да күйөөгө тийип алган. Башка бирөөнү «ата» деп айтуу кыйын экен. Апам ал кишиден бир кыз төрөдү. Аны али көрө элекмин. Бир жашка чыгып калды окшойт.

– Кимди сагындың?
– Апамды. Эки жыл болуп калды көрбөгөнүмө. Чалып турат, чалганда ыйлайм. Анда апам «акчам жок болуп жатат, болсо эле барам» дейт. Былтыр келем деп жаткан, иши чыгып калып келе албай калды. Өткөндө чалып ушул айдын аягында барам деди.

– Апаңа эмне айткың келет?
– Апа, келбей эле коюңуз, күн суук, үшүп кыйналбаңыз. Оорубай жүрүңүз, мен жакшымын. Акчаңыз көбөйгөндө сиңдимди алып келип мага көрсөтүп кетсеңиз эле болду. Башка эч нерсе керек эмес. Силерди ушунчалык сагындым!

– Көп акча таап алсаң эмне кылат элең?
– Апам келип, кээде каникулда мени үйгө алып кетчү. Жолдо баратып кайыр сурагандарды көргөндө ыйлачумун. Менин ата-энем ушинтип кайыр сурап калбаганына шүгүр дейм. Эгер көп акча таап алсам, ошол кайырчыларга бөлүп бермекмин да, өзүмө бир аз алып калмакмын.

«ИЧПЕЧИ, АПА!»
Бири бизди карап таңыркап, экинчиси сыналгыны тиктеп алаксыган балдардын арасынан олбурлуу балага көзүм түштү. Аты Кенжебек экен
.

– Кенжебек, канча бир туу­гансың?
– Жети бир тууганбыз. Үйү­бүз Базар-Кор­гондо болчу. Бир агамдан башкасынын баары үй-жайлуу. Мени караган эч ким жок болгондуктан, балдар үйүнө келдим. Бир тууган эжем алып келип таштап кеткен. Атам бирөөнү катуу сабап коюп түрмөгө түшүп калган. Ал жерден качып чыгам дегенби, айтор, келтек жеп каза болуп калды. Ал каза болгондон кийин апам ичип кетти. Мен анда алты жашта болчумун. Апам «арак алып кел» деп мени дүкөнгө жөнөтчү. Барып беш сомго арак алып келчү элем.
Ошол маалда Эмил Балтагуловдун «Ичпечи, апа» деген ыры жаңы чыккан. Ошол ырды коюп берсек, угуп алып аябай ыйлап, бир айдай ичкенин токтотуп койгон. Анан кайра эле баштаптыр. Бир күнү катуу ооруп калганынан ооруканага алпарганбыз. Ал кезде мен кичинекей болчумун, эжем менен сүйлөшүп жаткан врачтардын «апаңдын ички органдары күйүп кетиптир» деп айтканы эсимде. Апам ичип, мен таштанды тытып жүрө берчүмүн. Ошентип жүргөнүмдө эжем келип «апама барабыз, жүр» деп мени Арсланбапка алып кетти. Бардык, барсак апам төшөктө кан кусуп жатыптыр. Аны көрүп токтоно албай ыйладым. Апам мени кучактап алып «балам, сен мендей болбогун! Жаман балдарга кошулбай, келечекте бир туугандарыңа керегиң тие турган эстүү бала бол!» деди. Ошондо апамдын өлүп каларын сезип жаттым. Көздөрүнө үңүлө карап, жытына тоюп алайын деп жанында отура бердим. Уйкум келбей койгонунан таң атканча жанында болдум. Таңкы саат бештерде апам бир оор дем алып эле жатып калды. Коркуп кетип бакырып ыйлап жибердим. Ошентип апам каза болуп калды. Андан кийин мени апамдын сиңдилери багып алышты. Бир сиңдиси мени бирөөгө берип жиберген эле, алар мени чабан кылып жалдашты. Ал кезде он жашка чыгып калсам керек, 800 койду өзүм кайтарчумун. Мага кийим деле алып беришкен жок. Айлыгым 200 сом болчу. Бир кой өлүп калса эле «айлыгыңды кыскарттык» дешет. Кийинчерээк бир тууган агам келип айлыгымды 500 сомго көтөргүлө десе болбой коюшкан. Анан менин документтеримди даярдап, ушул жерге алып келишти. Бул жакка келгенде аябай кубандым, ошол кыйынчылыктардан кутулганыма сүйүндүм. Менден бир топ улуу бир баласы бар болчу ошол үйдүн. Ал мени аябай кордочу, такыр эсимден кетпейт ошол күндөр. Бул жерден чыксам, андан өч алам баары бир!

– Кантип өч алууну ойлоп жүрөсүң?
– Эч нерсе деле кылбайм, болгону, ошол балага барып, анын кылган иштери таптакыр туура эмес экенин айтам. Кийин дагы ушундай иштерди кылбай жүр деп айтмакмын.

– Сен үчүн бул жашоодо эң кыйын нерсе эмне?
– Бардык нерсеге чыдаса болот. Бирок бирөөнүн үйүндө иштеген эң кыйын. Апам каза болгондон кийин тамдын башына чыгып өзүмдү таштайм дечүмүн. Бирок аны да жасай албадым. Бир күнү жол боюнда отурсам, бир кызыл Жигули келе жатыптыр. «Азыр ушул машинанын алдына өзүмү таштайм» деп ойлоп турдум. Тиги машина жакындаганда алдынан чуркап чыкканымды бир билем, машина мени артымдан сүзүп, цементке башым менен тийип эсимди жоготуп коюптурмун. Азыр бетимде ошондон калган тырык бар, саным да ооруйт, мээм чайкалган. Андан бери тогуз жыл өттү. Апамды аябай сагындым. Эгер кайрадан жашоо берилсе, апамды өлтүрбөй алып калмакмын.

– Чоңойгондо апаң айткан сөздөрдү аткарасыңбы?
– Аткарам! Келечекте уста болуп, өтө чоң эмес үй салгым келет. Байлардай болбой, жөнөкөй эле жашагым келет. Анан да эч качан арак ичпейм!

Кенжебек тууралуу эжекеси төмөнкүлөрдү айтты:
– Кенжебек олбурлуу бала. Жа­ңы келгенде тамга таанычу эмес. Ошол себептен аны 1-класска отур­гузууга аргасыз болгонбуз. Аны шылдың кылышпасын деп балдарга түшүндүрүүгө көп убакыт кетти. «Бул жакшы бала, азырынча силер менен окуп турсун, анан жогорку класска көчүрөбүз» деп жаттык. Өзү да тартынары анык. Алдап, мактап жүрүп окууга кызыктырдык. Азыр 7-класста окуп жатат.
Бейкапар ойноп жүрө турган кезде минтип балдар үйүнө түшкөн өспүрүмдөрдүн тагдыры ойго салды, кейитти. Бири менен сүйлөшүп жатсам, экинчиси келип «мага да суроо бериңизчи?..» деп жатты. Бул алардын «мага да көңүл бурулар бекен?..» деген илгери үмүтү болсо керек... Тилекке каршы, минтип алардын бөксөргөн жан дүйнөсүн мен да, башкалар да толтура албасы анык!..

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
ayzatushka
2012-10-29 13:11:59
Эч кимге Аллах мындай кунду корсотпосун.
0
Gan
2012-10-29 13:45:26
эмнеге тууган тушканы болуп туруп ушул акыбалга тушкон.( ээхх жашоо)аа биз жолдошум экобуз турмуш курганыбызга бир жылдан ашты балалуу боло албай жатабыз кудайм бизге бала берерин унутпаса экен .
0
Bombarbio
2012-10-29 21:38:31
Апа сизге чон рахмат ичпей,балдар уйуно таштабай чонойтконунузга.ичпеген таштабаган энелерге Алла Таалам жар болсун!
0
Jamalym
2012-10-30 02:25:23
Тарбиячылары да жылуу мамиле жасайт экен ыраазычылык силерге.Бул жердеги балдар мээримге зар.
0
rtkb
2012-10-31 19:44:33
гулбахар кенжебек силердин келечегинер алдында баары жакшы болот жашоо жакшы жакшы жашоо андан да жакшы бир гана алдыга умтулгула силерди тарбиялаган мугалимдерге да ийгилик айтам
0
Dinara Aibek
2012-11-02 14:29:40
Кудайым буйурса дагы бир 7жылдан кийин жетим балдарды багып аламын деген жакшы ниетим бар.Аларга энелик мээримимди тогуп, эч нерседен кем кылбай багып аламын. Ушул ниетиме жетейин ылайым! Оомийн!!!!!!
+1
SatiNur
2012-11-04 15:07:29
окуп алып ыйладым бул байкуштарда эмне куноо журогум ооруду суротторун корсом эле ыйлайм а оздорун корсом жакындан токтоно албай эххх пенделер эч убакта балдарды кароосуз калтырбайлычы
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан