БАТКЕНдеги ТӨРТ-КҮЛдүн КӨЙГӨЙҮ

ТОКТОГУЛ ОЛУЯ АЙТЫП, РАЗЗАКОВ БАШТАП БЕРГЕН
Баткендин тамчы суу көздөн учуп, камгак менен шыбакка мекен болгон, жылан менен кескелдирик сойлоп сайран курган боз талаасын карап туруп, ушул өрөөндөн чыккан Токтогул олуя 200 жыл мурда минтип айткан экен: «Оо, калайык, уккула! Мезгил келип жеткенде оң канат, сол канат дарыяңардан суу чыгат. Жериңер өрүкзарга айланат». Олуянын айтканы дал келет деп эч ким ойлобосо керек. Кийин кыргыз журтчулугунда дагы бир чыгаан инсан Исхак Раззаков да бул өрөөндүн гүлдөшүнө салым кошкон.
Мурда комсомолдун райондук комитетинде биринчи катчы болуп иштеп турган, азыр 85 жаштагы карыя Ысман Кабылов бул тууралуу минтип эскерет: «Раззаков Баткендин кунарсыз талааларынын тагдыры жөнүндө тынчсызданып, "Баткендин өнүгүүсү үчүн сөзсүз жасалма көл куруу зарыл" дегенин уккам».
Жасалма көл тууралуу долбоор иштелип чыгып, 1962-жылдан тарта алгачкы иштер башталып, 1972-жылы Төрт-Күл суу сактагычы курулуп бүткөн. Баткен шаарынан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алтын-Бешик тоолорунун арасында Исфара аттуу дарыяны буруп келип суу сактагыч курушкан.
Курулуш бүткөндөн кийин Баткенге көп мамлекеттердин көңүлү бурулду. Себеби 90 миллион метр3 суу бата турган суу сактагычтын астына полиэтилен плёнкасын мындай чоң аянтка төшөө дүйнө жүзүндө биринчи жолу жасалышы эле. «Асты шагылдуу жерге өтө оор басым түшкөндө плёнканын чыдамдуулугу жетеби-жокпу?» деген суроо көп окумуштууларды ойлонткон. Төрт-Күл суу сактагычынын курулушу менен ал кездеги Баткен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө чукул бурулуш жасалган эле.

САЗ БАСКАН АЙЫЛДАР...
Андан бери көп жыл өттү. Бирок бир нерсени айтпай кетүүгө болбойт. Аталган жасалма көлдүн долбоорун жүзөгө ашыруудагы катачылыктар: 6500 гектар аянт багбанчылыкка багытталып, сугаруу системи ишке ашуусу керек эле. Тескерисинче,
анын 65 пайыз жерине сууну көп талап кылуучу тоют өсүмдүктөрү өстүрүлүп, 25 пайызы гана багбанчылыкка пайдаланылды.
Төрт-Күл суу сактагычынан 100-120 метр төмөндө жайгашкан Дара, Кара-Бак айыл округдарынын аймактарында кайык менен сүзүп өтө турган көлмөлөр пайда болду. Нымдуулук күчөп, эгин себилген жерлерде камыштар өнүп чыкты. 20 миңден ашык калк жашаган аймактар нымдуулук көптүгүнөн жабыр тартып, экологиялык кыйроо өкүм сүрдү. Эл арасында жүрөк оору, кызыл жүгүрүк сыяктуу илдеттер көбөйдү.
Ошондон кийин гана, так айтканда, 1980-жылдардан тарта бул маселеге карата иш-чаралар жүрө баштады. Кара-Бак айылында 20га жакын ачык жана жабык дренаж түтүктөрү казылды. Жер астындагы суу деңгээлин басаңдатуу максатында 22 скважина, 2 кубаттуу насостук станция курулду. Ошентсе да саз баскан айылдарда абанын нымдуулугу нормадагыдан 2-3 эсеге жогору. Кадимки климаты өзгөргөн. Союз урагандан кийин кубаттуу насостук станциялар, скважиналар таланып-тонолуп жок болду. Негизги автотрассаларда чөгүп кеткен жерлер бар. «Эмне үчүн ушундай абалга жетсе да, облус жетекчилери маани беришкен эмес?» деген суроо туулат.

13 ЖЫЛДА 10 ГУБЕРНАТОР КЕЛДИ, ЖЫЙЫНТЫК ЖОК
Бул багытта суу сактагычты курган ардагерлер Мажит Жолдошев, Абдумомун Камалов, дың жерчи Сабыр Момунов менен баарлашканымда, алар бийликтегилер бул маселеге көңүл бурбай келе жатышканын айтышты. 13 жылдын ичинде 10 губернатор алмашты. Натыйжада башталган иштер чала «кызыл эт» бойдон кала берди, жыйынтык жок. Андан бери ылайланып кирген дарыя суусунун кумдары жүздөп эмес, миллион тонналап көлгө толуп бүттү.
Райондук Суу чарба башкармалыгынын башчысы Дөөталы Ибраимов төмөндөгүлөрдү айтты:
– Чындыгында, көлдүн абалын көрүп туруп ыйлагың келет. Суу сактагычка катмарланган кумдун чоң көлөмүнүн толушу, майда сел агымдарынан улам полиэтилен плёнкаларынын жээктерде ачылып, тытылып жаткан көрүнүштөрү, деги эле экологиялык, санитардык эрежелердин сакталбагандыгы зээнди кейитет. Ал эми сугат каналдарынын көпчүлүгү капиталдык оңдоону талап кылат.
Кандай болгон учурда да биз азыр баарынан мурда ишти көлдүн көйгөйүн жеңилдетүүдөн баштап жатабыз. Жакында германиялык Техникалык борбордун долбоордук колдоосу менен көлгө толгон кумду тазалоо биринчи кезекте, андан кийин 20дан ашык таланып жок болуп кеткен скважиналарды түп-тамырынан жаңылоо ишке ашканы турат.

КӨЛ КОРУККА АЛЫНСЫН!
Чындыгында эле суу жогунда жок деп зарлаганбыз, эми «колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, суунун баркын билбей жатабыз. Суунун кадырын эми сөзсүз Африкага барып билип келүү керекпи?! Көлдөгү дагы бир көйгөй – 40 жылдан бери анын жээгине жайында келген эс алуучулар үчүн зарыл шарттардын түзүлбөй келе жаткандыгы. Кароолчунун үйүнөн башка эч нерсе жок. Көлгө түшкөндөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу кызматы жоюлуп кеткен. Натыйжада көлгө баргандардын арасында чөгүп кеткен фактылар да бар. Көл корукка алынып, тийиштүү чаралар көрүлсө жакшы болот эле.

Адилбек Батыров
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
nurrayan93
2012-10-29 12:04:33
соонун кол мага аябай жагат жакшы карап колго алышса жакшы болмок
0
Jamalym
2012-10-30 01:55:41
Колдун жанынан коп эле отчум,бирок тушо элекмин.Кооз кол,абдан сагындым.
0
adilet_3234
2012-10-30 11:13:21
Табияттын чегинен чыкса болбойт да баары бир.
0
Tendik
2012-10-31 12:06:09
Акыр чикирлер туруп калыптыр го жаткан жеринен..
"Кээде" би же дайымабы?
0
Tendik
2012-10-31 12:09:16
эгер аркы өйүздө токой болсо абдан кооз экен..
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан