СИЗ ЧАЛГАН АБОНЕНТТИН ТЕЛЕФОНУ...

Учурда ар бирибиздин колубузда чөнтөк телефон бар. Көтөргөн телефонуна, анда жаңырган ырларына жараша адамдын стилин, мүнөзүн байкаса болот. Анда биздин жылдыздарыбыз кандай телефон көтөрөт, назар салыңыздар.

Бактыгүл

Бактыгүл учурда Ipho­ne жана VеRTU үлгүсүндөгү эки телефон көтөрүп жүрөт. Ырчы Iphone телефонун арзандатуу жолу менен 730 долларга сатып алган. Ал эми экинчи телефонун жигити белек кылыптыр. Рингтонунда жалаң өзүнүн ырлары. Кайсы ырчы чалып жатканын ырларынан эле билип алат. 8-классында Samsung 620 телефонун классташтарынан биринчи болуп көтөргөн. Жини келгенде телефонун ыргытып, сындырып салмай адаты ырчынын бат-баттан сотка алмаштырарынан кабар берет.


Эрмек

Куйкум тамашалары менен эл көзүнө көрүнгөн Эрмек буга чейин оор, чоң телефондорду жактырчу. Мисалы, NOKIA М-91 үлгүсүн 2 жыл көтөргөн. Бирок учурда жеңил телефондорду жактырып, NOKIA 6500 үлгүсүн колдонууда. Күнүнө 200 бирдик жетпей калып “маякка”өтө турган Эрмек хит ырларды телефонуна жүктөгөндөн тажабайт. Азыр бул жигитке чалып калсаңыз, Мирбек Атабековдун “Күндөр жаңырат” ыры угулат.


Айжан

Бул ырчыбыз техникага таптакыр көңүл бурбайт. Учурда көтөрүп жүргөнүн апасы Италиядан салып жиберген. Ал телефондун LG үлгүсүндө экенин гана билет. “Жадакалса блютузун иштеткенди да билбейм”,- дейт. Ырчы буга чейин NOKIA 95 үлгүсүндөгү 500 долларлык телефонун базардан уурдатып жибергенден кийин кымбат баалуу телефондорго таптакыр кызыкпай калганын билдирет.


Эрмек

“Сөз” тарифин колдонгон Эрмек телефонго таптакыр эле кызыкпайт. Жадакалса учурда көтөрүп жүргөн телефонунун үлгүсүн деле толук билбейт. “Негизи NOKIA үлгүсүнөн болсо эле болду”,- дейт. Учурда “заставкасында” жалбырагынан суу тамчылаган бүлдүркөн. Мындай сүрөттү коюп алуусуна эмне түрткү болду экен?..


Жанета

Жанета бир телефонун эң көп дегенде эки ай көтөрөт. Себеби абдан унутчаак. Мисалы телефондорун той-ашка барганда кафелерден жоготуп алат. Учурда NOKIA 6300 үлгүсүндөгү телефон көтөрүп жүрөт. Жанетанын телефонунун фонунда дайым эки баласынын сүрөтүн көрүүгө болот. Ал эми рингтонунда “Ойлодуң бекен?”деген өзүнүн аткаруусундагы ыры чалуулардын бардыгын ырчыга жеткирет.


Алькамил

Алькамилдин NOKIA 95 үлгүсүндөгү чөнтөк телефону күнү-түнү колунда. Бул адатка ырчы “Жылдызга телефон чал” долбоору менен алек болгондон тарта кабылган. Алькамилдин башкалардыкына окшобогон жакшы сапаты – бала болуп уюлдук телефон көтөргөнү бир да сотка жоготпогону. Баса, Алькамиль күнүнө 30-40 СМС жазбаса башы ооруйт. Өткөн жылы баш-аягы 15 миң СМС жазган ырчы азыр күнүнө жок дегенде 150 чалууну кабыл алат.


Самат

Ырчылардын ичинен телефонун да, телефон номерин да көп алмаштырбаган Самат болуп чыкты. Буга чейин (0543) 95-77-95 деген номеринде 4 жыл жүрсө, учурдагы номерине 3 жылдын жүзү болуптур. Самат телефондун көркүнө эмес, сапат жагына көп маани берет. Мурда MOTOROLLAны жактырса, учурда «NOKIA М-52 үлгүсүнүн байланышы мыкты экен» дейт. “Заставкасында” Кыргызстандын желеги желбирейт.


Кундуз

Кундуз телефондун кым­бат-арзанына деле карабайт. Учурда NOKIA 2600 үлгүсүндөгү телефон көтөрөт. Жакында эле 3000 сомго сатып алган. Ал эми рингтонунда жалаң белгилүү мультфильмдердеги музыкалар жаңырып турат.


Мирбек

Телефонуна таптакыр кө­ңүл бурбаган ырчыбыз Мирбек болуп табылды. Учурдагы NOKIA 6300 үлгүсүндөгү телефонуна музыка жүктөп коюудан да жалкоолонот. Телефонунда NOKIAнын “родной” музыкасы эле жаңырат. Мирбектин телефонго кызыкпаганынын себеби анын тез-тез жоготуп алганы болушу да мүмкүн. Анткени унутчаактыгынын айынан эки күндүн биринде соткасын таппай, жок издеп жүрөт.


Кенже

Кенже мурун телефонунда жай ырлардын жаңырып турганын жактырса, акыркы учурда динамичный ырларга ыктай баштаганын билдирет. Баса, ырчы бир телефонду бир жыл көтөрөт да, анан тууган-туушкандарына берип коёт. Учурда NOKIA ОД 56 үлгүсүндөгү телефонду колдонуп, күнүнө аз дегенде 400 бирдик коротот экен. Ал эми кайсы уюлдук оператаор десеңиз, номери 0772ден башталат.


Гүлжигит

Бул ырчыбыздын телефонунда үч эле ырчынын ыры бар. Алар: Бек Борбиевдики, Юлдуз Усманованыкы жана өзүнүкү. Азыр колдонуп жүргөн NOKIA 6120 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун ырчыга продюсери Диля биринчи клиби тартылганда белек кылган эле. Ошондон бери бузулса кайра оңдотуп алып көтөрүп келе жатат.


Айпери

Учурда популярдуу болгон NOKIA 6300 телефонун көтөрүп жүргөн Айпери кызыбыз ылайыктуу деп жакында эле “О” тарифинтандап алыптыр. Бир жолу чөнтөгүнөн телефонун сууруп жатканын өз көзү менен көрүп бирдеме деп сүйлөгүчө, ууру маршруткадан түшө качат. Эмне кыларын билбей калган Айпери «ошол сага аш болсун” деп кала берген.

Бахияна Сатылгановa
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 340, 8-14-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан