КУРСАНТ ЭМНЕДЕН УЛАМ КАЗА БОЛДУ?

Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында катталган Э.Алиев атындагы ИИМ академиясынын курсанты Нурлан Ниязбековдун өлүмү ИИМде дагы бир чоң чырга айланчудай. Себеби каза болгон курсант менен академиянын жетекчилеринин ортосунда бири-бирин күнөөлөмөй али да токтой элек. 5-курсту мына аяктайм деп турган баласынан ажыраган Нурландын ата-энеси бизге келип, аталган окуу жайга нааразычылыктарын билдиришкен эле. Биз эки тараптын тең ой-пикирлерин угуп, эл таразасына чыгарууга аракет кылдык.

«АКАДЕМИЯНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ КЫЛГАН ИШТЕРИН МОЮНУНА АЛУУНУН ОРДУНА УУЛУМДУ КҮНӨӨЛӨП ЖАТАТ»
Гүлжамал Сураналиева, каза болгон курсанттын апасы:
– Уулум Нурлан Ниязбеков 7-октябрда акыркы практикалык нөөмөтүн өтөгөнү кеткен. Анын нөөмөтү 8-октябрда эртең мененки саат сегизде аяктамак. Бирок жетиге беш мүнөт калганда академиянын жетекчилери мага телефон чалып, «уулуңуз 3-кабаттан кулап кетип, абалы оор болуп жатат. Тезирээк келиңиз» дешти. Барсам, жетекчилер чогулуп алып видео көрүп жатышыптыр. Нурланды күзөт бөлүмүнүн жанындагы бөлмөгө киргизип коюшуптур. Аябай аянычтуу онтогон баламдын үстүнкү кийими чечилген, башынын жумурткадай жеринин чачы жыдып түшүп калыптыр. Кийген формасы акиташка сүрүлгөн, бир топчусу түшүп, тигиштери сөгүлүп кеткен экен.
«Уулумду ким сабады?» деген суроомо «балаңыз 3-кабаттан, ашкананын тепкичинен кулап кетти» дешип ар кайсыны айтышты. Балам «билбейм» деп башын чайкап, өпкөсүнүн тушу, далысы жана бөйрөктөрү чыдатпай ооруп жатканын айтты. «Эмне үчүн «Тез жардам» чакырбайсыңар?» десем, «эже, балаңыздын 5-курс экенин билесизби? Окуудан чыгарылып, соттолот жана академиянын кадыр-баркына доо кетет» деп ар сөздүн башын айтып киришти. «Макул, силерге сөз тийбесин, баламды өзүм эле ооруканага көрсөтөйүн» десем, «академияда мындай окуя болгон эмес» деп тил кат жазып берүүмдү талап кылышты. Мен жазбай турганымды айтсам, Нурланды ооруканага өздөрү алып бармай болушту. Убакытты создуктуруп, саат ондорго жакын гана биз менен кошо жогоруда айткан жетекчилер, курсанттар болуп 6 киши кошо унаага отурушту.
Түз эле ооруканага алып барбастан, 5-курстун командири Азамат Турдалиев жана орун басары Сейит Молдалиев «эже, жөнөкөй кийим кийгизели» деп үйгө алып келишип, жаны кыйналып жаткан баламды кийинтишти. Наркологияга барып бир саат кармашып, андан чыгып травматологияга жиберишти. Ошентип, түшкү саат бир жарымда барып рентгенге түшүрдүк. Ал жердеги врач «абалы өтө оор, өпкөсү кабынан үзүлүп кеткен, артерия кан тамырлары үзүлгөн» деген диагноз коюп, эки жарымда операция жасалды. Уулум комага түшкөн бойдон турган жок... Убагында тез жардам көрсөтүүнүн ордуна баламды ары-бери сүйрөп жүрүшүп ажалдын колуна салып беришти (ыйлап)...
Академиянын жетекчилери кылган иштерин моюндарына алуунун ордуна кайра «ичип алган» деп күнөөнү уулума коюшууда. Уулум ичимдик ичип, тамеки тартчу эмес. Эгерде Нурлан ошондой тентектик кылып, 3-кабаттан кулаган болсо, эмне үчүн окуя болгон жерге «Тез жардам» чакырышкан эмес? Эмнеге экспертизадан өткөрбөй туруп, биринчи мени чакырышкан?

«УУЛУМ КУЛАГАН ЖЕРДЕ ЭЧ КАНДАЙ ИЗ ЖОК ЭКЕН»
Орозакун Ниязбаев, маркумдун атасы:
– Акыйкаттык издеп, үнүмдү эл уксун деп сиздердин гезитке келдим. Сыналгыдан академиянын жетекчиси Алмаз Базарбаевдин «курсант өзү 3-кабаттан кулап кетип, бирок саат 9да жакшынакай ары-бери басып жүргөн» деп айтканын уктум. Жыгылган жерин да барып көрдүк. Андай бийиктиктен учкан киши соо калбайт. Кантип 10 метрге жакын бийиктиктен учуп кеткен бала жакшынакай туруп алып ары-бери басып жүрсүн? Кулап түшкөн жерге деле кандын же денесинде тытыктын издери калат эле го. Угушубузча, баламды төрт бала ур-токмокко алышкан. Академиядагы күбөлөрдөн иштин чоо-жайын сурасак, баары сүйлөшүп алгансып бир ооздон «өзү учуп кетти» деп жатышат.
Балам 22 гана жашта болчу. «Ата, жумушка кирип, элиме ак кызмат кылам» дечү эле. Нурланым менин өтө ишенич арткан уулум болчу...

«КУСАМ ДЕП ТЕРЕЗЕДЕН КУЛАП КЕТКЕН»
Биз экинчи тараптын жообун угуу үчүн Э.Алиев атындагы ИИМ академиясынын жетекчиси Алмаз Базарбаевге кайрылдык. Ал төмөндөгүлөрдү билдирди:
– 7-октябрда Нарынбек Сопуев жана дагы бир курсант болуп кезектеги нөөмөткө турган учурда бир таанышын телефон аркылуу чакырат. Ал таанышы 3 бөтөлкө арак алып келет. Бул жагдайдын баары такталды. Аракты имараттан сырткары ичишкенден кийин курсант 3-кабаттагы өз классына эс алганы кеткен. Албетте, бул жерде биздин кызматкерлер 5-курстун студенттерин келечектеги офицерлер катары көргөндүктөнбү, жакшы көңүл бурушкан эмес. Бул күнөөлөрү үчүн алар жумуштан бошотулду.
Айта кетчү нерсе, бул курсант былтыр мас абалында автокырсыкка учурап, катуу жабыр тарткан. Нурланга спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салынган. Саат бештер чамасында ал ойгонуп, кусам дегенби же таза абада дем алайын дегенби, айтор, терезеден кулап, жашыл бадалга түшкөн. Анан туруп алып, эс-мас абалында башка бир эшикти түрткүлөй берген. Бир курсант көрүп калып, эс алуучу бөлмөгө алып келип жаткырып коюптур.
Биз апасына чалсак таежеси алып, саат 8де окуу жайга келип калды. Таежесине «тартип бузгандыгы үчүн баланы окуудан чыгарабыз» деп эскертүү бергеним чын. Себеби кызмат өтөө убагында ичкилик ичкендер бизде катуу жаза алышат. Таежеси «өзү 5-курс болсо, койгула, мындай эле бүтүрүп коёлу» деп айткан. Биздин курсанттын кийимин чечпей туруп, наркологиялык диспансерге алып барганыбыз эң чоң далил болду. Себеби ал жерден Нурлан Ниязбаев менен Нарынбек Сопуевдин арак ичкендиги жана үчүнчү баланын ичпегендиги тастыкталды. Бул курсанттардын берген көрсөтмөлөрүнө чейин бар.
Ал жерден доктурлар «ооруканага алып баргыла» дегенинен ошол эле таежесинин сунушу менен кийимин которуп, 4-шаардык ооруканага алып бардык. Таежесинин «акчам жок» дегенинен доктурга кетчү чыгымдарды курсанттар, жетекчилик чыгарып, баш-аягы 12 миң сом төлөдүк. Бардык рентгендер таза чыкты. Бир гана тажрыйбалуу доктурдун иш-аракетинин натыйжасында өпкөсүнө кан толуп кеткендиги билинип, тезинен операция жасалды. Ошол операциядан курсант турбай калды...
Ал эми денесиндеги сүрөткө тартылган көк алалар ток менен жасалма дем алдыргандан пайда болгондугун эмне үчүн ак халатчандар айтпай жаткандарына таң калам. Чачынын түшүп калганына биз да таңбыз. Себеби бул жерде жүргөндө чачы бар эле болчу.
Түшүнүп турам, абдан өкүнүчтүү. Курсанттын таежесин да түшүнүүгө болот. Айта кетчү нерсе, Нурландын агасы Азимдин атына «мени өлтүрөм деп коркутуп-үркүтүп жатат» деген мааниде Нурландын досу, курсант Нарынбек Сопуев ички иштер органдарына арыз менен кайрылды. Нурландын агасынын да ар кимге асыла бергени болбойт го. Сопуевдин апасы ата-энелер комитетинин мүчөсү болгондуктан, Нурландын ал-абалын сураганы чын.
Каза болгон Нурлан Ниязбаевди коёрдо биздин кесиптештерибиз 40 миң сом материалдык жардам катары берип жатканда да биздин кызматкерлерге «бул эмне парабы?» деп асылышыптыр. Бизге деле оңой болгон жок. Беш жыл бою колубузда тарбияланып, эми мына офицерлердин катарын толуктайм деп жатканда бейбаштык кылып, бейажал өлүмгө дуушар болуп жаткан курсантыбыздын өлүмү кайдигер калтырбайт. Окуяны бир жактуу кабылдап, көп жылдан берки тарыхы бар, белгилүү адамдын атындагы академияга эле ар нерселерди шыбай берүү туура эмес деп ойлойм.

«АППАРАТТАН ЭЧ КАНДАЙ ТАК КАЛБАЙТ»
Академиянын жетекчиси Алмаз Базарбаевдин «доктурлар эмне себептен тез жардам убагында денеде көк ала тактар калып каларын айтышпаганына таңмын» деп айткан сөзүн эске алып, «чын эле ошондой болгонбу?» деген суроо менен Бишкектеги №4-шаардык ооруканага баш бактык. Нурланды кабыл алган хирург Бахтияр Салжановдун айтымында, токтон эч кандай так калбайт.
– Мен кабыл алуучу бөлмөгө киргенде, оорулуу оор дем алып, өңү кубарып кан басымы төмөндөп кеткен экен. Рентгенге салганда аппарат жакшы көрсөтпөй койгондуктан, өпкөсүнө шприцти сайып көрсөм кан чыкты. Тезинен операция жасалып, бирок кан көп кетип, артериялык кан тамырлары үзүлүп кеткендиктен, сактап кала албадык. Оорулуу өзү дем алып жаткандыктан, жасалма дем алдырган эмеспиз. Операция убагында гана атайын аппаратка салганбыз. Андан травма болбосо, денесинде эч кандай көк ала калбайт.


Келечектен көптү үмүт кылып, алдыга көп максат коюу менен элиме ак кызмат өтөйм деген курсант мерт болду. Жаш курсанттын өлүмү кандайча болгону иликтөөнүн жыйынтыгында айкын болор. Арийне, мамлекетибиздеги кылмыштуулук менен күрөшүүнү үйрөтүп, эл үчүн кам көрүп, өлкөдөгү тартипти сактоочуларды даярдоочу бирден-бир окуу жай болуп эсептелген академияга байланышкан мындай чырдуу, аягы өлүм менен аяктаган окуялар окуу жайдын кашыктап жыйган аброюна шек келтирип жатканы ойлондурбай койбойт. Ошол эле убакта уулунан ажыраган ата менен эненин кайгысын, акыйкат издеген көз жашын да эсепке албай койбойсуң. Акыры чындык бир жээкке калкып чыгары шексиз, андыктан иштин аягын күтөлү.

Нургүл Чабдарова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Курсант эмнеден улам каза болду?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
temi
2012-10-31 19:02:40
Emnege komandirdi ishten boshotuwtu... бирок дедавшина жок болбосо керек командирлерди чондор карамайынча,,, Деды были духами духи будут дедами дешетго командирлер,,, рахмат
0
moro
2012-10-31 23:44:13
u4up kettibi je urdubu kudai bilet birok tezireek ele dogdurga alyp baryp koiuwsa bolotko! exx soz jok buulugup turam... kairan omur...kolumdan kelse komandirlerdi owol terezeden birde yrgytmakmyn, 4ynyrty turup
0
Jamaksana8988
2012-11-02 03:23:20
Emnege ushunday okuyalardu ech kim kozomolgo albay jatat ... Kyrgyzdun Muna menmin degen at- yyldaryn uwintip ele chekeden jok kula berishse anda kelechekte kanday er azamattar kuzmat kulat .
0
okumushtuu
2012-11-02 13:43:27
эй кайран жигит
0
Chynyshka
2012-11-02 15:06:07
коп эле балдар армияда олуп жатышат же кызматта эмнеге чара корушпойт дайым олгон балдарды куноолу кылышат олгондор суйлой албайт дейтта.бирок баарибир бир кун акыйкат ачылат ......
0
kuba1985
2012-11-03 00:11:13
жаткан жерин жайлуу , топурагын торкоо болсун иним аман болсон коллега болмок экенбиз,,,,,
0
Aigul_90
2012-11-03 13:54:23
Нурландын жаткан жери жайлуу болсун!ата-эне,биртуугандарына Алла сабыр берсин! Бул окуя бардык адамдарга белгилуу болуп турбайбы сабаганы,эгер курсант мас болуп кулаган болсо ошондо эле уйундогулорун чакырып колдоруна салып бербейт беле же оор абалда экенин коргондо скорый чакырышпайт апасына звонтеткенче,алар курсанттарга биринчи жардам дегенди оздору уйротушотго???и баары белгилуу мас абалында корунгон и аны не ичесин деп сабаган дубинка менен сабаганда сразу когорбосун элдин баары билсе керек
0
Danijarov
2012-11-03 17:20:05
академиянын чондору озулору эле жумуштан кетиши керек бул болгон окуя учун куноо кимде болсо дагы! ал эми кимде куноолуулор жазасын алышы керек
0
Danijarov
2012-11-03 17:21:04
а бирок андай болбойт
0
Danijarov
2012-11-03 17:22:50
анткени бизде закон иштебейт убей кого хочешь делай что хочешь кайра акчан болсо жон эле уй камагына чыгып андан ары акталып кетесин
0
ruslan_92kg
2012-11-03 17:43:17
Ата энесине конул айтам .бул ишти кылгандардын жазасын берсин кудай
0
ELKA-87kg
2012-11-03 20:19:23
Маркумдун жайы жаннаттан болсун жакындарына сабыр берсин айтаарым акыйкат баарибир айкын табат бирок адамдын омурун кайтарып бералбайт ушул окуяга катышкандар жазасын алышына тилектешмин кудай озу берсин жазасын
0
SatiNur
2012-11-04 13:16:31
Ата-энесине сабыр берсин, ким куноолу болсо да маркумдун арбагы уктатпай, акыры жазасын алышсын кан коё бербейт.
0
Nynysh
2012-11-04 18:00:48
Мындай афёр, мыкаачы жетекчилердин барынан жогу аларды иттей атып салыш керек, оздорун актоого аракет кылышып жатат бирок жалган суйлоп жатканы алдаганы эмоциясынан эле корунуп турат. Аллах жазасын берсин.
0
Nynysh
2012-11-04 18:15:29
Эмне учун ата-энеси экспертизага маркумду алып барган жок ошол куну эле эксперттерге корсотуш керек болчу.
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан