Баткенде 22-октябрда тоноо боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул күнү ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү машина минген жаштар Баткенди көздөй бараткан КамАЗ автоунаасын токтотуп, айдоочудан коркутуу жолу менен 200 литр күйүүчү майдын ордуна акча талап кылып башташкан. Айдоочу жанында болгону 85 сом акчасы бар экенин айтат. Максаты ишке ашпай калган өспүрүмдөр анын болгон акчасын алып, машинасынын алдыңкы жана каптал айнектерин талкалап, из жашырып кетишкен. Натыйжада жабырлануучу милицияга кайрылып, Баткен ШИИБи тарабынан чара көрүлүп, кылмышка шектүүлөр тез арада кармалып отурат. Иликтөө учурунда маалым болгондой, үчөө 17 жашта, бири 18 жаштагы Баткен шаарынын өспүрүмдөрү экен. Учурда Баткен ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 167 (тоноо) жана 170-беренелери (акча өндүрүү) боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.