ОКУУЧУ АЖОДОН ЧЫН ЭЛЕ СҮРДӨП КЕТТИБИ?

Гезитибиздин №520-санында «Ажонун Баткенге болгон сапарындагы «ляптар» деген макала чыккан эле. Анда №3-мектептин ачылышында президенттин көз алдында мектеп окуучусунун эсин жоготуп кулап калгандыгы тууралуу жазылган. Ошол окуя боюнча мектептин директору Мээринса Жапарова мындай дейт:
«Окуучулар саат 8 эмес, 11:00гө чакырылган. Алар курсактарын тойгузуп келишкен жана мектептен да жеңил тамактар берилген. Ал кыздын эсинен тануусу курсагынын ачтыгынан же көп тургандыгынан деп ойлобойм. Бул жерде күтүүсүздөн эле кокустук болуп кетти. Учурда кыздын абалы жакшы. «Эмне болду?» деп сураганыбызда «жөн эле сүрдөп кеттим окшойт» деди ал». Ал эми бул тууралуу 6-класста окуп жаткан Бегайым эч нерсе айтып бере албады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
kg86
2012-10-29 13:21:34
Президент келет деп аяк башын туштон кийин жыйымыш болуп, окуучуларды да тизишти да, саат мынчага келбесенер олдунор деп.
0
jaina
2012-10-29 14:19:57
Ой, мындай нерселер көп эле болот айылдарда. Биз да окуп жүргөн кезде чоңдор келатышса, же бир салтанат болсо окуучуларды тизип койчу какырайган күнгө. Анан чыдап 2-3 саат туруп көр. Көп эле окуучулар эсинен танган кездер болгон. Анан жеңил тамак берилген дегенине ишенбей турам. Байкуш кыздын ден соолугу начар болсо, анан күнгө туруп эле эсин жоготту болуш керек.
0
анарбек
2012-10-29 23:21:43
Анан президент кыздын ден соолугу жонундо ойлоппу же ал да сурдоду деди бекен
0
Baratali0706
2012-10-31 00:54:25
Наглый лапша илип жатышты карап койгула, айланайыыын. Кантип эле 11ге чакырып калсын? Кантип эле тамак берип калсын? Может тамак берсе бериши мумкун,тем более жаны ачылган мектеп болсо,бирок тамакты копко бербейтко,ашып барса 1-2ай анан токтойт. Мектепке келген продукталарды эжекелер,мугалимдер уйлоруго ташып жок болот.Директорунун калп айтканына караганда директор озу эле ташып жок кылат.
0
evgeniya
2012-11-12 03:10:45
Baratali0706,
Албетте ,оюнузду сыйлайм бирок оз козунуз мн мулкту ташыбагандан кийин оозунузду эч ачпаныз биздин Орук-зарлуу Баткенибизде андай арам жол мн багышпайт уй-булосун , а stan.kg,эмнеге ошентип ойлойсуз ,?жаман жагын корсотуп жетишпестиктерди алар оздору оз ара талкуулашат да ,мис:сизге,уйунузго конок келсе жаманмжагынызды корсотосузбу,?жок,албетте Эл адамы 1жылда 1,2жолу келсе бир жылда анан биз жаман жагыбызбы айтышыбыз керекпи?
0
stan.kg
2012-11-09 23:46:19
Кыргыздар качан ушундай кошоматчылыктан кутулаар экенбиз. Биз тескерисинче чондор келгенде жаман, жетишпеген жактарыбызды көрсөтүшүбүз керек. Ошондо гана жылыш болот. Чондор келсе баары сонун болуп турса алар карапайым элдин чыныгы жашоосун кантип билсин анан. Буга албетте мугалимдер күнөөлүү эмес алар кичинекей эле адамдар. Буга андан жогору жакта тургандар оздорунун былыктарын жабыш учун кылган иштери десек туура болчудай.
0
evgeniya
2012-11-12 03:12:37
оз козунуз мн корбогондон кийин!
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан