Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Кадамжай шаарларында жол чырак бар. Ал эми облустун борбору болгон Баткен шаарында жол чырактын жоктугу таң калтырат. Мындай көрүнүшкө эң оболу айдоочулар нааразы. Жол чырактын жоктугунан кагылуушулар болуп келгени сыр эмес. «Эмнеге Баткенде жол чырак жок?» деген суроо менен «Баткен коммунальщик» АКсынын директору Зилалидин Олжаевге кайрылдык. Ал: «Биз бул маселени бир нече жолу көтөргөнбүз, бирок эч кандай майнап чыккан жок. Мэрия биздин кайрылуубузга «каражат жок» деп келген. Өткөн жылы көчөлөргө жарык берүүчү чырактарды коюу боюнча долбоор сунуштаган элек. Бул жолу мэрия биздин үнүбүздү угуп, быйыл ошол долбоорго 1 миллион сом акча бөлүп берди. Учурда 2013-жылдан баштап шаарга жок дегенде 5 жол чырак орнотуу жөнүндө маселе каралып жатат. Буюрса, эмки жылдан баштап шаарда жол чырактар иштей баштайт»,- деп келечектен көптү үмүттөндүрдү.