Баткен облусунун ЖОЖдору 17-ноябрь – Эл аралык студенттердин күнүнө карата даярдыктарды баштоодо. Майрамга карата 23-октябрда БатМУнун жана БатМУнун алдындагы Гуманитардык-экономикалык колледждин студенттери арасында улуттук күрөш боюнча таймаш болуп өттү. Баткен райондук Балдар спорт мектебинин залында өткөн саамалыкка жалпысынан 53 жаш балбан катышып, 6 салмак категориясында күч сынашты. Достук маанайда өткөн күрөштө чемпиондук төмөнкүлөргө буюрду: Абдухалил уулу Темирлан (55 килограмм, БатМУ), Бектемир уулу Канатбек (60 кг, БатМУ), Урустамбек уулу Мирлан (66 кг, колледж), Бабаназар уулу Исабек (73 кг, БатМУ), Исламбек Мухамедамин (83 кг, колледж), Махамаражап уулу Кыргызбек (95 кг, БатМУ). Таймашты уюштуруу демилгесин БатМУнун дене тарбия бөлүмүнүн окутуучулары Абдыгапар Эрматов, Таалайбек Эрматов жана Абдилазиз Пирматов көтөрүп чыкканын кошумчалай кетели.