23-октябрдан 24-октябрга караган түнү Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан «Кыргызалтын» фирмасында өрт чыккан. Тагыраак айтканда, аталган фирманын мончосу күйүп кетти. Тилсиз жоонун себебин аталган фирманын жетекчиси А.Ташматов өрт коопсуздугунан сактануу эрежелери туура эмес пайдаланылганы менен байланыштырды.