Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан шаардагы медициналык колледждин 39 жаштагы С.Р. аттуу мугалими 15 жаштагы студентти зордуктоого аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Жабырлануучунун айтымында, ал «каршы чыксаң окуудан айдайм!» деп коркутуп, мажбурлап зордуктоого аракет кылган.
«Жабырлануучунун арызынын негизинде С.Рны милиция кызматкерлери кармап, учурда тергөө иштери жүрүп жатат»,- дейт Ош шаардык ИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков.