ЖЕҢИШ ЖАНА ЖЕҢИЛҮҮ

«Мен аны көпкө тиктеп турдум. Көздө­рүмдө аяныч да, жек көрүү да, жеңиш да бар эле. Сүйүүдө да жеңилүү жана жеңиш болот тура. Ушул көз ирмемде менин бүт өмүрүм көз алдымдан тартылып өттү. Бардыгын эстегенге мажбур болдум...»- деп кеп баштады редакциянын босогосун аттаган Наргиза аттуу каарманыбыз.

Тагдырдын өгөй баласы

– Мен ийгилик коштогон үйбүлөдө тө­рөлгөн экем. Чоң атам – профессор, чоң апам – илимдин кандидаты, атам – жогор­ку окуу жайында окутуучу. Бирок тагдыр аркасын салып, көз ирмемде ошол нерселердин баарынан ажырап калгам. Мен төрткө чыкканда эле атам менен апам ажырашып кетишти. Апам кийинчерээк турмушка чыкты. Экөөнүн жашоосуна мен тоскоол болдумбу, айтор, апам мени таежеме таштап коюп кете берди. Аталык мээрим көрбөгөнүм аз келгенсип, апаман да тирүүлөй ажырадым. Байкуш таежем мени өз кызындай эле көрөт. Ошентсе да өз ата-эне мээрими таптакыр башка болот белем.

Балалык кыялымда «чоңоюп, көрүнүктүү адам болсом атам менен апам мага кайрылып, эч болбоду дегенде бир жолу “кызым” деп артымдан издеп келишер беле» дечүмүн. Ошол үчүн бар күчүмдү топтоп, алдыга умтулдум. Ата-энемдин көзүнө көрүнүп, алардын өкүнгөнүн көргүм келчү. Алгач жөнөкөй эле мектепте окучу элем. Республикалык сынактан жеңип чыгып, жалаң байлардын балдары окуган лицейдин окуучусу болгонго жетиштим.

Алгачкы сүйүү

– Тагдырымдын мага деген сыноосу дале бүтпөгөн көрүнөт. Классыбызда Эрмек аттуу бала бар эле. Балким, өзүнүн менменсинген терс кыял мүнөзүнөнбү, эмнегедир балдар аны өздөрүнө кошчу эмес. Кийинки күндөрү ал мага жакындай баштады. Жүрөгүм менен анын жалгыздыгын туюп, негедир жардам бергим келди. Ар дайым ага тапшырмасын аткарууга жардамдашып жүрдүм. Тез эле көзгө илинип, менин аркам менен балдарга кошула баштады. Көп убакытты аны менен өткөрүп жүргөнгө жакшы болуп кеттик. Ооба, жүрөгүмдү жазга бөлөп, сүйүү келди мага. Ушул күнгө чейин жалгызсыраган жүрөгүм Эрмекке байланды.

“Сен менин балама тең эмессиң

– Акыркы коңгуроо күнү эле. Баарыбыздын кабагыбыз жарык, шаңдуу эле. Эрмек экөөбүз акыркы коңгуроону какмакпыз. Кол кармашып жетелешип бараткан бизди Эрмектин апасы токтотту.
– Эрик, бул ким?- деди. Тим эле менден бир нерсе жукчудай четтеп өттү.
– Бул... бул Наргиза...
– Тез, жүрү, папаң шашып жатат. Сени куттуктап коюп эле кетет.
Кетип баратып да мени өйдөдөн бир чолуп өттү апасы. Кийин уксам, менин таежем тигип берген жөнөкөй көйнөгүм, чачымды экиге өрүп алганым, жапыз туфлим жакпаган экен. Эмне кылайын, эрдимди тиштеп тим болдум. Бир күнү үйгө келсем таежем капа болуп отуруптур.
– Эмне болду?
– Кызым, ал байдын баласы экен. Тим эле койсоңчу. Апасы экөөбүздүн тегибизден бери сүрүштүрүп жүрөт деп уктум. Биздин жашаган жерибизге чейин келип, биз жөнүндө сураштырып кетиптир. Сени аяп жатам. Ал бала деле апасынын тилинен чыга албайт да...
Үн катпай, макул болдум. Көөдөнүмдө гана бир үн “ата менен эненин мээриминен айрылдым. Эми жок дегенде сүйүүмдү ыраа көрүп койгулачы! Эмне мынча таш боорсуңар? Эми менин сүйгөнгө да акым жокпу?!” деп чырылдап жатты. Ошол күн­дөн баштап жүзүмдөгү күлкү өчтү. Эрмек экөөбүз да көп жолукпай калдык. Эмнегедир менден көзүн ала качып, телефон чалсам жооп бербей койгону көбөйдү. Ушундан кийин Эрмектин чет өлкөгө кеткенин уктум. Мектепти алтын медаль менен бүтүп, эң престиждүү деген окуу жайына өттүм. Бир гана Эрмекти унута албадым. Билбейм, кайда барсам да анын көздөрү, сүйлөгөнү, күлгөнү көз алдымда. “Мен сенсиз кантип жашайм? Ата-энем мени чет өлкөгө жиберет. Ал жакка да экөөбүз чогуу кетебиз” деген сөздөрүн эстейм. Ошол сөздөрү көкүрөгүмө орноп калган экен. Жолугуп бир эле жолу көзүнө тике карап алсам, эмнеге сөзүнө турбаганын уксам көксөм сууп калат беле... Ошондой күндөрдүн биринде тагдыр кайра бизди жолуктурду.

Рахмат, кайрымсыз адамдар!

– Окуумду бүтүп, жогорку окуу жайында иштеп калдым. Тез эле ректордун жардамчысы, анан ректор болдум. Тагдырдын тамашасыбы, ушул жерден өзүмдүн атамды жолуктурдум. Илимий конференцияга барып докладымды окуп бүтүп, ылдый түшүп баратып мени теше тиктеп турган адамды көрдүм.
– Наргиз,- деди акырын.
– Мени чакырдыңызбы?- кылчая калып мен галстукчан адамды көрдүм. Дароо тааныдым. Канча жылдан бери аталык мээримге зар болгон жүрөгүм дароо тааныды. Бир эле учурда ушунчалык тааныш жана чоочун адам алдымда турган эле. Анан апамды да таптым. Кийинки жылы апам мени телевизордон көрүп издеп келген экен. Бардыгы мен каалагандай, мен болжолдогондой чыкты. Көрсө, кичинемде түртө салып басып кеткен апама да, атама да эми керек болгон экем. Адамдардын көр пенделигине таң калып жүргөн учурда Эрмек менен да жолугуштум. Чет элден келген волонтёр курбуларымды тосуп алуу үчүн аэропортто турган элем. Ошол учурда трап менен түшүп келе жаткан Эрмекти көрдүм. Басып кеткенге эрким жетпей тура бердим. Ал дагы мени дароо тааныды.
– Наргиз?!
Кучагын жазып келе жаткан ал менин көз карашымды көрүп дароо токтоду. Ушул көз ирмемде уйкусуз түндөрүм, ага арнаган жаштыгым, балалык сүйүүм, бардыгы көз алдымда өтүп жатты. Көрсө, Эрмекти эмес, балалык кыялым менен кооздолгон образды сүйүп жүргөнүмдү түшүндүм. Терс бурулуп басып кеттим.
Азыр менде баары жетиштүү. Сүйбөсөм да, мени сыйлаган адамга турмушка чыгып, бактылуу эне болдум. Отуз жашымда профессорлук наамга жеттим. Азыр артыма кылчайып, апама, атама, Эрмекке рахмат айткым келет. Эгерде алардын ташбоордугу, кайдыгерлиги болбосо мен эч нерсеге жетишмек эмесмин. Рахмат силерге, кайрымсыз адамдар! Аттиң, бирок менин бактылуу балалыгымды, ууз сүйүүмдү эч качан кайрып бере албайсыңар!

Наргиза
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aichuk
2009-08-13 21:26:24
ддаа ушундай дээ
0
AygerimUrmat
2009-09-02 13:28:25
да....знакомая система....
0
vertual
2010-09-28 18:23:10
Байлар коп нерсени элес алышпайт, бут дуйнону мыкчып кармап тургансып, бирок ошолордо адамкерчилик сезим бар болду бекен?
0
№ 340, 8-14-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан