20-октябрь күнү Чоң-Алай районунун 20 жылдык мааракеси белгиленди. Чоң-Алай району 1958-1992-жылдар аралыгында Алай районунун курамында болуп келген. Өлкөбүз эгемендүүлүккө жеткенден кийин, 1992-жылы Чоң-Алай району деген статуска ээ болгон.
Райондун борбордук бөлүгү деп эсептелинген Дароот-Коргондун кең аянтында мекеме-ишканалардын жөө жүрүшү өтүп, кийин социалдык-маданий тармактагы объектилер колдонууга берилди. Чоң-Алай районунда 4 айыл округу бар.