Ош облусунун тоолуу аймагы Алай жана Чоң-Алай райондорунда табигый кырсыктын алдын алуучу иш-чаралар жүрүп жатканын угуп, кабар алуу максатында барып кайттык. Алай районунун Кызыл-Булак айылында жана Чоң-Алай районунун ПМК аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Кызыл-Булак айылынын коктусунан агып келген сел сайдан ашып үйлөргө жакындап калган. Бул сай жээгиндеги элге коркунуч туудурганынан улам кээ бир жарандар үйлөрүндө жашабай калышкан. Бул кырсыкты эске алган айыл эли БУУнун өнүгүү программасы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине долбоор жазып, сайдын 112 метр жээгин темир габиондор менен тосуп жатышканына күбө болдук. Бул темирлердин ортосу таш менен толтурулат. Ушундай эле иш-чара Чоң-Алай районунун ПМК участкасында да жүрүп жатат.
«Жаан көп жааган мезгилде Кызыл-Суу дарыясынын көлөмү көбөйүп, айылды каптап кетет. Ошол себептен габион менен селди тосуунун камын көрүп жатабыз. Чоң-Алайга эрте суук түшкөндүктөн, шамал катуу болуп, иштөөгө бир аз тоскоолдук жаратып жатат»,- дейт айыл башчысы Болот Кожоакматов.
Эки айылга курулуп жаткан габиондорду тосуу үчүн айылдын жакыр үй-бүлөлөрү тандалып алынган. Алар жумуш акысы үчүн май жана ун менен камсыз болушат.