Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүндөгү С.Ибраимов атындагы орто мектептин абалы менен таанышып, окуучулардын сабакка катышуусу төмөндүгүнө нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Шайлообек Козубаев маалымдады.
Маалыматка ылайык, 7-класстын журналында 16 окуучу болсо, ошол күнү 6 окуучу сабакка келген. Ал эми 24 окуучусу бар класска 10 гана окуучу келген. Мектеп мүдүрү бул жагдайды ата-энелердин кайдигерлигине шылтайт. Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков айыл тургундары менен жолугуп, Кыргызстандын келечеги үчүн жаштар татыктуу билимге ээ болушу керектигин түшүндүрдү.