3 жылдык келишимди негизинде «Бешилик» куудулдар тобу кайрадан куралды.
«Түзүлгөн келишимге ылайык, жылына чоң шаарларда 2-3 жолудан концерт беребиз. Кезеги менен өтүүчү концерттерибизге «Бешилик» тобу конок катары катышып берет. Жаңы түзүлгөн бул топтун жигиттеринин жеке концертинин тушоосун Талант Анарбаев кесип берди, эми мен улап кетем»,- дейт куудул Канат Шанаев.