Нарын облусунда мал уурдоо күч алды. Катталган кылмыштардын 40 пайызын мал уурдоо түзүүдө. Дан эгиндер, тоют азыктарынан тазаланган айдоо аянттарына тоодон түшкөн мал ээн-эркин каптап, кароосуз калтырылат.
2012-жылдын 9 айында облустун аймагында 84 мал уурулук кылмыштары катталган. Облустун аймагында мал уурулукту кесип кылган 61 адам кармалып, мунун ичинен 36 адамдан турган 14 кылмыштуу топ, алар тарабынан 33 мал уурулук кылмыш ишин жасашкандыгы оперативдик иликтөө иштеринин негизинде ачыкка чыккан. Ал эми жарандардан 280 арыз даттануулар катталган. Облустун аймагынан башка региондорго сатууга жана башка керектөөлөргө жумшоо үчүн 21472 баш мал чыгарылып кеткен. Ошондой эле 386 баш малды карышкыр жегендиги аныкталган.