РОЗА ОТУНБАЕВА НАРЫНДА

Экс-президент Роза Отунбаева эки күндүк иш сапары менен Нарын облусунда болду. 19-октябрь күнү Нарын шаарына келип, алгач Үсөн Асанов атындагы облустук лицей-интернатынын алдындагы «Ыйман» балдар бакчасынын абалы менен таанышты. Ошондой эле Нарын мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугуп, ар түрдүү темадагы маселелер жөнүндө пикир алышты. Андан кийин Жаштар үйүнүн имаратында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, Нарын шаарынын мэри, айыл округдарынын башчылары жана бухгалтерлери, билим берүү тармактарынын кызматкерлери менен жолугушту.
Учурунда өзү билим алып кеткен Чкалов атындагы мектеп-гим­назиясында да жолугушуу өт­кө­рүп, жалпы мугалимдер жамаатын жана окуучуларды мектептин 80 жылдык мааракеси менен куттуктады. Кийинки сапар шаардын РТС аймагында жайгашкан «Ак-Дил» балдар бакчасында уланып, ал жактагы абал жана көйгөйлүү маселелер менен таанышты.
Иш сапардын негизги максаты мектепке чейинки билим берүү тармагынын абалы менен таанышып, тиешелүү маселелерди кароо болгон. Ал эми 20-октябрда Роза Отунбаева Кочкор жана Жумгал райондорунда болуп, ал жактан да айыл округдардын башчылары менен жолугушуп, айылдык балдар бакчаларынын абалдары менен жакындан таанышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
OMG
2012-10-31 08:30:37
jakshy korom Roza ejeni )))))
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан