Өткөн аптада Жумгал районунун Кызарт айылында «Ынтымак» деп аталган улуттук ат оюндарынын жана башка спорт түрлөрүнүн мелдеши болуп өттү. Мелдештин максаты – элди, жаштарды сергек жашоого үндөө жана кыргыздын улуттук оюндарын даңазалоо. Мелдешти уюштурган аталган айылдын жаштары байге үчүн 80 миң сом чогултушкан. Мелдешти райондун акими Адылгазы Исагулов ачып, көк бөрү оюнунун сүйүнчүсүнө 3 миң сом берди. Оюнга райондун ар кайсы айылдарынан келген көк бөрүчүлөрдөн 7 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду Байзак айылынын «Тенти-Аке» командасы жеңип,15 миң сом байгеге ээ болду. Ал эми 2-орунга «Куйручук» командасы чыгып, 10 миң сомго, 3-орунга Кызарт айылынын «Ынтымак» командасы жетип, 5 миң сомго татыктуу болушту. Мындан тышкары катышуучулар кыргыз күрөш, эр эңиш, аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндарды да көрсөтүп, жеңишке жеткендер кызыктыруучу байгелерге ээ болушту.