АКБАР СҮЙҮНБАЕВ

Белгилүү адамдардын белгисиз жоруктарынан

Ким эле болбосун артка кылчайып, жоруктарын эстеп бир жылмайып алат эмеспи. Бүгүн Акбар Сүйүнбаев балалык күндөрүн, окуучулук жылдарын эске салат.

“Атым акын Акбар Рыскуловдун атынан коюлган”

– 1985-жылы кышында Нарындын Кара-Тоо айылында жарык дүйнөгө келгем. Үйдө төрт эркекпиз. Мен үчүнчүсүмүн. Мен төрөлгөндө атам башка байкелериме уйкаш болсун деп “атын Мирлан коёбуз” дептир. Атам сүйүнүп жууп жүргөндө биздин айылга айтылуу акын Акбар Рыскулов барып калат. Атам “уулдуу болдум” десе, Акбар агай Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” китебине кол тамгасын коюп, “мендей инсан болсун, ага-ини болуп жүрөлү” деп өз ысымын ыйгарган экен.

“Жалаң кыздардын жумушун жасачумун”

– Биздин үйдө жалаң эркек болгондуктан, кыздын ишин катырчубуз. Ар бирибиздин өзүбүзгө бөлүнгөн жумуштарыбыз бар. Улуу агам идиш жууйт, кийинкиси камыр жууруп, уй саайт. Мен болсо “үй жыйнайм” деп үйдүн баарын чачып алып ырдап отура берчүмүн. Качан гана апамдар жумуштан келерде ары-бери жыйнап койчумун. Чаңытып короо шыпырат элем. Байкем экөөбүз отунга барчубуз. Бир күнү токойго отун тергени байкем экөөбүз жөнөп калдык. Отун терип кудуңдап эшекке минип жөнөгөнүбүздө токойчу кармап алса болобу! Байкем менден кичинекей көрүнөт да. Артымда туруп алып “байке, коё бериңизчи?!” дейт. Анда токойчу байкеме “эй, эмне чыйпылыктайсың?! Мен сени менен эмес. Тиги байкең менен сүйлөшөм” деп мени көрсөтүп коёт. Ошондо байкем экенин айтсам, бырс күлүп коё берген.

“Гена менен Чебурашка”

– Урмат деген бою кодойгон досумдун велосипеди бар болчу. Мен тепкенди билбейм. Ал кичинекей болуп алып бою узун мени учкаштырып алчу. Экөөбүздү көргөндөр “мультфильмдеги Гена менен Чебурашка” дешчү. Минтип балдар эле эмес, мугалимибиз да айтып, “азыр доскага Гена менен Чебурашка чыгат” деп калчу.

“Ак шымчан картошка казып...”

– Бир классташ кызымды 4-класстан бери жакшы көрч­үмүн. Сүйүүмдү 8-класска барганда араң билдирдим. Ошол кызга барарда кычырап ак шым, ак көйнөк кийип алат элем. Азыр ойлосом, ал кыз тың экен, огородуна ээрчитип барып кетменди карматып койчу. Элестет, кечкурун ак көйнөк, ак шым кийип алып картошка чапканды. Ошентип, жасанган түрүм менен анын картошкасын далай чапканмын.

“Оюнга азгырылып...”

– 11-класста атам “балам, өз алдыңча иштеп көрчү” деп үч жарым миң сом берди. Акчаны алып мал алып сатканы мал базарды карай жөнөдүм. Кыялымда пайда көрөм деп компойдум. Кайдан, иш анча жүрүшпөй келе жатсам, базарда шарик ойноткондорду көрүп кызыгып калдым. Бүйүрүм кызып ойной баштадым. Кумар да, азыр утам деп акчамдын баарын уттурдум. Кабакты салып келатсам, досум жолукту. “Оюн ойноп, акча утабыз” деп аны ээрчитип шарик ойноткон жерге бардык. Ошентип, анын 1000 сомун уттуруп жибердик. “Ата-энебизге эмне дейбиз, андан көрө Бишкекке качалы” деп экөөбүз 1 сомубуз жок таксиге сүйлөшүп жатсак, биздин ойноп жатканыбызды көргөндөр айтып барганбы, атам келип калды. И-ий, ошондогу уялганымды айтпа...

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 340, 8-14-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан