СТУДЕНТТЕР КАЙРЫМДУУЛУК МАРАФОНУН ӨТКӨРҮШТҮ

Нарын педагогикалык окуу жайы «Биз силер менен!» аттуу кайрымдуулук марафон уюштурду. Бул марафонго биз да катышып кайттык. Марафонду уюштуруу демилгесин аталган окуу жайдын активдүү студенти Молдобай Темирбек уулу көтөрүп чыккан. Катышуучулар окутуучулар жана окуу жайдын жалпы студенттери колдорунан келген акча каражатын топтоп, активдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Уюштуруучулар чогулган 12000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты шаардагы карылар үйүнө жана балдардын жатак-мектептерине жумшаларын билдиришти. Алдын ала түзүлгөн сметага карыларга, балдарга шейшеп жана кийим-кечек сатып алуу киргизилген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан