Талас шаарынын тургуну, 60 жаштагы жеке ишкер Абаскан Бийсаков учурда өзү сээп, өстүргөн сафлордун пайдасын көрүп жаткан кези. «Сафлор башка маданий өсүмдүктөргө караганда эмгекти аз талап кылат. Башка өсүмдүктөргө чегирткелер түшсө, бул сафлорго чегиртке, курт-кумурска деген жолобойт. Түшүм жакшы болгондо гектарына 2 тоннага чейин, жаман болсо 600-700 килограмм сафлор алынат. Өзүбүздө сафлордон май сыккыч аппарат болбогондуктан, чаптырып, машиналарга жүктөтүп Сокулуктагы Александровкага жибердим эле, сыгылган таза майга ээ болдум» дейт дыйкан.