24-октябрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде алгачкы ирет тропиктик өлкөлөрдү байырлаган тирүү көпөлөктөрдүн көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Анда сөзүбүздү иш-чаранын жүрүшүнөн алынган маалыматтар жана сүрөттөр менен уланталы.
КӨПӨЛӨКТҮН КЫРККА ЖАКЫН ТҮРҮ КЕЛДИ
«Бардык материктерден чогултулган көз жоосун алган бул көпөлөктөр филиппиндик жеке ишкерге таандык. Аталган өлкөдө 6 гектар аянтка жайгашкан теплицада көпөлөктүн 2000дей түрү багылат. Бүгүнкү көргөзмөгө алардын ичинен кыркка жакыны алынып келинди. Көпөлөктөр тропиктик климатта жашагандыктан, Кыргызстандын шартына ылайыктап атайын көргөзмө өтүүчү жайды жылууладык. Булар үчүн 24-28 градус жылуулук жана жогорку нымдуулук талап кылынат. Ал эми көргөзмө учурунда күнүгө 100-150дөй көпөлөктү көрүүгө болот» дешет уюштуруучулар.
КӨРГӨЗМӨ БИР АЙГА ЧЕЙИН БОЛОТ
Көргөзмө 26-ноябрга чейин улантылат. Бул убак аралыгында көпөлөктөр куурчакчадан чыгып, кантип көпөлөккө айланганына байкоо жүргүзүп көрүүгө болот. Анткени көпөлөктүн өмүрү кыскалыгына байланыштуу аларды толук жетиле элек кезинде алып келишиптир. Көргөзмөдөгү көпөлөктөрдүн эң узак жашаганы 2 ай, ал эми эң аз жашаганы 3 күн өмүр сүрөт. Көпөлөктөр табигый жашоодо гүлдүн ширеси менен азыктанышат. Ал эми колдогулары мөмө-жемиштердин ширеси менен азыктанарын айтат уюштуруучу Екатерина Компаниец. Жалпысынан көпөлөктөр бир келген өмүрүндө 40-160ка чейин жумуртка ташташат. Жумурткадан көпөлөккө айлануу убагы күз айынан жай мезгилине чейинки аралыкты камтыйт. Андан соң көпөлөккө айланып, жарыкка келет да, кыска өмүр сүрүшөт.
Кубаныч Сыдыков
Ташболот Досалиев
koom@super.kg