ЖАЙЫЛ РАЙОНУНДАГЫ КОШ КЫРСЫК

Бишкек-Чалдыбар жолунун 52-чакырымында Мерседес-Бенц унаасы катуу ылдамдыкта баратып бир адамды сүзүп кеткен. Бул боюнча 22-октябрда Чүй ОИИБинен билдиришти. Кырсык 21-октябрда саат 19:30дарда орун алып, унаанын айдоочусу 48 жаштагы Токтогул районунун жашоочусу болуп чыкты. Кырсыкка кабылган адам  ооруканага жетпей каза болгон. Учурда тергөө иштери уланууда.
Ушул эле райондо эки унаанын кагылышынан айдоочу өмүрү менен кош айтышты. Бишкек-Ош жолунда Фольксваген-Гольф унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта жолдун каршы кыймылына чыгып, Хундай-Портер унаасын маңдайынан сүзгөн. Гольфтун айдоочусу каза болуп, ал эми Хундай-Портердин ээси катуу жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан