КЕМИНДЕ "АЛТЫН-КЕНГЕ" КАРШЫ АКЦИЯ ӨТТҮ

Депутат Садыр Жапаров камалгандан бери чуулгандуу «Кумтөр» маселеси басаңдагандай болуп калды эле. Алтынга байланышкан бир чырга чекит коюлгуча, 22-октябрда Чүйдүн Кемин районундагы "Талды-Булак Левобережный" кенинин иштөөсүнө тыюу салууну талап кылган дагы бир акция өттү.
21-октябрда "Алтын-Кен" ишканасынын унаасы айылдык жаранга таандык болгон жылкыны уруп кетип, эки тарап мушташууга чейин барышкан. Нааразы болгон эл 22-октябрда митингге чыгып, акимчиликтин алдына боз үй тиккен. Талаптары – күчүнө таянгандарды мыйзам чегинде жазалоо.
Эске салсак, бул Орловка айылынын тургундарынын биринчи эле акциясы эмес. Буга чейин да жумушчуларды жергиликтүү калктан алууну талап кылышкан болчу. Кеминдин эли мунусунда акырына чейин турууга белсенип жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан