МИЛИЦИЯ КҮНҮНӨ КАРАТА АВТОЖҮРҮШ

Орусия, Казакстан жана Беларустун милиция ардагерлеринин уюму 2002-жылы түзүлүп, алар кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерин эскерип келишет. Бул жолу уюштуруучулар иш-чараны 20-октябрда Кочкор районунан башташты, себеби 2010-жылдагы Ош окуясында курман болгон А.Султанов так ушул райондун ИИБин эки жыл жетектеген эле.
Иш-чаранын максаты – кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерин эскерип, ички иштер ардагерлерин социалдык жактан коргоо, жаш кызматкерлерди патриоттуулукка үндөө жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо. Ата Мекени үчүн жан бергендердин элеси эч качан унутулбай, «Бул – жаштар үчүн дем-күч!» деген ураандар жаңырбай койгон жок. Автожүрүш министрликтин борбордук аппаратында да өткөрүлүп, андан ары Чүй облусунун Жайыл, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Оштун Кара-Суу райондорун карай багыт алмакчы. Автожүрүштүн уюштуруучусу – алыскы Орусиядан келген «Намыс» коомдук бирикмеси.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nurbek88
2012-11-02 08:50:55
удача
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан