ОРУС АРТИСТТЕРИНИН ФОБИЯСЫНА АЙЛАНГАН АНДРЕЙ МАЛАХОВ

МАЛАХОВ ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү
– Малахов Андрей Николаевич
Туулган жери – Орусиянын Мурманск облусунун Апатиты шаары
Кесиби – Журналист, юрист
Туулган жылы – 1972-жыл, 11-январь
Бою – 183 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Жакшы көргөн жаныбары – Ит
Баалаган ырчысы – Земфира
Өзүнө жакпаган сапаты – Тез сүйлөгөнү, сары чачтуу айымдарды жакшы көргөнү

СКРИПКАНЫ ЭМЕС, МИКРОФОНДУ ТАНДАГАН
Андрей үй-бүлөдө жалгыз уул. Атасы Николай геофизик, апасы Людмила балдар бакчасынын тарбиячысы. Андрей музыкалык мектептин скрипка бөлүмүндө окуп жүргөндө эле келечеги скрипка эмес, микрофон экенин баамдаган. Буга анын «мугалимдер мага скрипка ойноткусу келбей концерттин алпаруучусу кылып коюшар эле. Көрсө, бул атайын менден кутулуунун айласы экен. Бирок бардык афишаларда «алпаруучу Андрей Малахов» деп жазылганын окуп төбөм көккө жеткенче сүйүнчүмүн. Өзүмө да скрипка кармаганга караганда микрофон кармап скрипка ойногондорду сахнага чакырган абройлуураак туюлчу» деген эскерүүлөрү далил.
Мектепти күмүш медаль менен аяктагандан кийин болочоктогу алпаруучу келечегинин пайдубалын тургузуу максатында Москваны көздөй сапар алат. Жигиттин телеалпаруучу болом деген кыялдарына жол ачылып, Андрей М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин кызыл диплом менен аяктаган.

ЖУРНАЛИСТ ГАНА ЭМЕС, МЫКТЫ ЮРИСТ
Андрей ММУда окуп жүргөндө АКШда бир жарым жыл жашап, журналистика жаатында тажрыйба топтоп келген. Анын англис тилин жакшы билүүсү теледе иштеп калуусуна чоң шарт түзүп берет. Алгач СNN каналынын жаңылыктарын орусча которуп көзгө көрүнүп калган Андрейдин аракетчилдигин Биринчи каналдын редакторлору байкап калышат. Ошентип, башында кабарчы, андан соң атайын кабарчы болуп иштеп жүргөн Малахов кесиптештери эмгек өргүүсүндө жүргөндө кокусунан эле 1996-жылы «Кутман таң» («Доброе утро») берүүсүн алпарып эфирге чыгып калат. Бул анын эфирдеги тушоосу кесилген күн эле.
1998-жылы Орусия Мамлекеттик гуманитардык университетинин юридикалык факультетине тапшырып, кошумча кесиптин ээси болот.
Көпчүлүк телеалпаруучулардан куйкум жана таамай айтылган сөздөрү, маектеши менен диалог жүргүзүүнү мыкты билгени менен айырмаланган Андрей учурда Орусиянын Биринчи каналынын жүзү. Ал өзүнө гана тиешелүү алпаруучулук стили менен миллиондогон көрөрмандардын көңүлүнөн түнөк таап, алардын кумирине айланды. Анын «Кызуу талкуу» («Большая стирка»), «Беш түн» («Пять вечеров»), «Мейли, сөз кыла беришсин» («Пусть говорят») аттуу автордук берүүлөрү КМШ өлкөлөрүндө эң эле рейтинги жогору берүүлөрдүн сап башында боло алды.

АНДРЕЙ – «АДАМ ӨЛТҮРГҮЧ»
Андрей чыр-чатакка жакын «Мейли, айтышсын» берүүсүн алпаруудан сырткары «Стар Хит» деген аталыштагы журналын чыгарат. Дал ошол журналда орус жылдыздарынын жеке жашоосундагы сырларын чукуп, абийирин айрандай төккөн макалалар байма-бай жарык көрүп келет. Мунун айынан ал Валерия, Кристина Орбакайте, Альбина Жанабаева («ВИА Гра») өңдүү ырчылар менен соттошконго чейин барып, кээ бирлерине айып пул төлөсө, кээ бирлерин жеңип чыккан.
Айта кетсек, анын футболчу Андрей Аршавин менен да мамилеси начар. Аршавиндин «Евро-2008деги» оюнунан кийин Малаховдун телеберүүсүнө келип, анын ысымын наристесине берген жаш жубайларга «эми мен «Евро-2008» учурунда төрөлгөндөрдүн баарына жардам беришим керекпи?!» деп орой сүйлөгөнү үчүн Малахов аны адам катары сыйлабай калгандыгын жар салган. Бул экөөнүн мамилелерине чекит койгон.
Ал эми акын, обончу Илья Резник Малаховду сөздүн түз маанисинде «адам өлтүргүч» деп атап, «Малахов берүүсүнүн рейтингин көтөрүү үчүн адамдык сапатын жоготконго чейин барды, ал үчүн популярдуулук баарынан бийик турат» деп айыптады. Малаховдун берүүсүндө Илья Резниктин жеке турмушу талкууга алынган соң акын жүрөк пристубуна кабылып, учурда ооруканада жатат.
Андрейдин тегерегинде эфирдеги берүүлөрү жана журналдагы макалалары үчүн бир топ олуттуу чыр-чатактар дайыма чыгып келет. Ушундай жоруктарынан улам Андрей орус ырчыларынын жүрөгүнүн үшүн алып, артисттердин фобиясына айланган.

САРЫ ЧАЧТУУ АЙЫМДАРДЫ ЖАКШЫ КӨРӨТ
Бат сүйлөө жагынан Тина Канделакиден кем калышпаган Андрей жашоодо абдан түнт. Түнкү клубдарга алпаруучулук үчүн гана барбаса, башка учурда басып барбайт. Жеке жашоосун канчалык жашырбасын, анын сүйүү романдарын кесиптештери көз жаздымында калтырышкан эмес. Анын кайырмагына жалаң сары чачтуу айымдар түшөрүн баса белгилей кетели. Муну телеалпаруучу апасынын чачы сары болгон үчүн, жашоодо да апасындай айымдарды жактырары менен түшүндүрөт.
Анын атактуу бизнес-ледилер Марина Кузьмина, Маргарита Буряк, актриса Елена Корикова, алпаруучу Ксения Собчак менен сүйүү мамилелери болгону айтылып келет. Жогоруда аты аталгандардын баары бай жана элиталык чөйрөдө таасирдүү айымдар.
Айрымдар алпаруучунун үйлөнгөнүн Ксения Собчак экөөнүн мелдеши менен байланыштырышат. Мелдештин талаптарына ылайык, Андрей 2009-жылы үйлөнүү керек эле. Бирок телеалпаруучу бул жылы үй-бүлө курууга жетишпей калып, Ксенияга  Ауди А8 үлгүсүндөгү темир тулпар белек кылган. Кийин мелдеш уланып, Ксения Андрейге “эгер 10 жылдын ичинде үйлөнбөсөң, анда мага үйлөнөсүң” деген талап койгон. Мындан улам “Ксенияга үйлөнгөндөн коркуп эле, Малахов Шкулёвага баш кошту” деген кептер тараган.
Андрей жубайы Наталья Шкулёва менен мындан эки жыл мурун таанышып, 2011-жылдын июнь айында Париждеги Версаль сарайында жакын достору жана туугандарынын курчоосунда баш кошушкан. Атактуу тележылдыз үлпөт тоюн атайын папараццичилерден оолак болуу үчүн Парижде өткөргөн. Бул тойго алпаруучу баш-аягы 500 миң евро жумшаганы айтылып жүрөт.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
messidinho
2012-10-29 12:02:07
Малахов супер адам!
+2
aelinaaa
2012-10-29 13:05:18
Малаховго эч ким тен келе албайт.Супер журналист ал.
+1
Elanda
2012-10-29 14:06:46
Малахов идеалдуу мырза. Ага жакынкы аралыкта эч ким тен келе албайт го...
+2
nelli
2012-10-29 17:13:13
Малахов кучтуу журналист жана россия жылдыздарынын эн элиталарынын бири.
+1
Lollipop
2012-10-29 18:39:18
"Пусть говорят"деген 2 жолу тен туура эмес которулуп калса керек.
0
RIO
2012-10-29 21:34:44
"Пусть говорят"-"Элдин оозунда элек жок".
+1
Ayarym
2012-10-29 22:39:50
даа точно))
0
zboobekova
2012-10-30 19:50:44
Андрей аябай акылдуу жана боорукер .
+1
Evelet
2012-11-02 08:19:28
zboobekova, суйлошуп кордун беле?
0
dusha
2012-11-02 23:01:52
Малахов болуш кыйын!Пусть говорятты алпарып атып,ыйлаган жерден ыйлай коюп,суйунсо кошо суйунуп,лолу да хе хе.Ого Малахов кучтуу журналист,дух бодрый да бул адамда.Бул киши олсо мен да эл катары катуу кайгырам,коп жашасын
-1
djonni
2012-11-03 00:02:22
пусть говорят дегендей пусть жашай берсин,не кылачын супер журналист телеведушийди олтуруп
0
djonni
2012-11-03 00:02:22
пусть говорят дегендей пусть жашай берсин,не кылачын супер журналист телеведушийди олтуруп
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан