ТУБАСА ЖҮРӨК КЕМТИГИ ООРУСУ

Акыркы кезде маалымат каражаттарынан «тубаса жүрөк оорусу менен туулган балдарга оор операцияга көп суммада акча керек» деген жарыя, өтүнүчтөр көп берилүүдө. Бул өзү кандай оору? Келип чыгуусунун себеби эмнеде? Суроолорго жооп алуу максатында Улуттук кардиология борборунун балдар кардиологиясы бөлүмүнүн башчысы Самидин Шабыралиевге кайрылдык.

ЖҮРӨК КЕМТИГИНИН ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ
Жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын 90 пайызы сырткы чөйрөдөгү жагымсыз факторлордун негизинде пайда болот.

  • Генетикалык фактордун таасири тиет. Тагыраак айтканда, туугандар бири-бирине үйлөнүшкөндө.
  • Кош бойлуу кезинде жуккан инфекциядан пайда болот. Мисалы, кызамык, жугуштуу сасык тумоо, цитомегаловирустук инфекция, герпес сыяктуу оору менен сыркоологон эненин баласы да жүрөк оорусуна чалдыгышы мүмкүн.
  • Айлана-чөйрөдөгү экологиялык фактордун таасири чоң. Анын ичинде өзгөчө радиация зыян.
  • Спирт ичимдиктери, тамеки тартуу жана туура эмес тамактануу.
  • Энесинин ар кандай дарты болсо, кант диабети менен ооруса, карындагы баланын жүрөк оорусуна алып келиши ыктымал.
  • Кош бойлуу кезде дары-дармектерди ичүү, ар кандай антибиотиктерди пайдалануу терс таасирин тийгизет.
  • Витаминдердин жетишсиздиги.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Жүрөк кемтигинин 100дөн ашык түрү бар. Эгерде жаңы төрөлгөн ымыркайда бул дарттын белгилери билинсе, дароо адиске кайрылуу зарыл. Кээде оорунун белгилери көп убакытка чейин таптакыр билинбейт. Ошондуктан жаңы төрөлгөн баланы үч айдан кийин сөзсүз түрдө кардиологго текшертип коюу керек.
Мындай дарты бар ымыркайдын ден соолугунун абалынан да байкаса болот. Алар эмчек эмип жатканда териси, оозу-мурду көгөрүп, аба жетишпей, энтигип калат. Дайыма алсыз болуп, салмак кошпой, шишип, демигип турат. Көпчүлүк учурда мындай оорусу бар балдарды текшергенде «жүрөгүндө дабыш бар» дешет. Бирок аларды атайын медициналык жабдык менен текшергенде гана дарты ачык билинет.

ОПЕРАЦИЯ КАНДАЙ УЧУРДА ЖАСАЛАТ?
Бардык эле жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайларга операция жасалбайт. Себеби кээ бир түрүндө жүрөк кемтиги бала чоңойгон сайын өзүнөн өзү калыпка келет.
Бирок дарттын кээ бир түрү баланын чоңоюшун, атүгүл бир саат да күтпөйт. Оорунун мындай түрүндө тез арада операция жасалбаса, оорулуу мерт болуп калышы ыктымал. Жүрөк оорусу бар балдардын ата-энеси өзгөчө көңүл бөлүшү керек. Баланы ыйлатпай, чарчатпай, өзүнүн чамасынан ашыкча кыймылдатпаш керек. Жеген тамак-ашы да мүнөздүү болуп, таза абада көбүрөөк дем алдырып, денесин суукка чыйралтып, аба аркылуу жугуучу инфекциялык тумоолордон сактоо зарыл.
Бул дарттын түрүнө жараша кээ бир бала операция болгондон кийин алты ай, бир жылга чукул каттоодо туруп, бардык режимди так кармаса, куландан соо болуп чыга келет. Кээ бир түрү бир нече жолу хирургиялык операцияны талап кылып, өмүр бою майып кылат. Алар дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу шарт.

Маектешим Кыргызстанда жүрөк кемтиги операциясы кандайча, канчага жасалат, бул жааттагы көйгөйлөр тууралуу да кеп куруп берди.

– Акыркы кезде тубаса жүрөк кемтиги оорусу менен төрөлгөн балдардын саны көбөйүп кетти деген маалымат коомчулукта терс маанай жаратууда. Чын эле көбөйүүдөбү же...
– Чындыгында, бул оору буга чейин деле көп болчу. Негизи, жүрөктүн тубаса кемтик оорулары менен төрөлгөн балдардын саны дүйнө жүзү боюнча бир калыпта турат. Ооба, акыркы кезде тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар бизге көп кайрылышууда. Мурда бала ыйлабаса, ата-эне аны дарыгерге көргөзчү эмес. Азыр бул дарт тууралуу ММКлардан угуп, окуп жатышат. Ошондон улам балдарын доктурга текшертип, анын дарты билингенде бизге келишет. Өлкөбүздүн түштүк аймагында калк жыш отурукташкандыктанбы, негедир ал жакта бул ооруга чалдыккандар көп кездешет.

Түйүлдүк кезинде эле бул оорунун белгилерин байкоого болбойбу?
– Негизи, ымыркайдын жүрөгү түйүлдүккө 3 ай болгондо эле калыптанып бүтөт. Учурда баланын жүрөк кемтик оорусуна чалдыкканын түйүлдүк кезинде эле заманбап медициналык жабдыктардын негизинде байкоого болот. Эгер ушул учурда балада бул оорунун белгиси байкалса, ата-энеси менен кеңешип иш алып барабыз. Эгер оорунун жеңил түрү болсо, төрөгөндөн кийин операция жасалат. Оор түрү байкалса, анда ата-энелер өздөрү чечишет, аборт жасатуу же жасатпоону.

– Жүрөк операциясына орто эсеп менен канча каражат сарпталат?
– Бизде татаал деп эсептелген жүрөктүн тубаса кемтигин операциялоо 65 миң сом турат. Ушул эле операция Казакстанда
8-9 миң доллар, Орусияда 500 миң рублдан жогорку баага жасалат. Ал эми Европа өлкөлөрүндө 70-100 миң еврого бааланат.

– Оорулууларга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөбү?
– Атайын жеңилдиктер каралган. Мисалы, операциянын же­ңил түрүнө төлөнө турган 55 миң сомдун 10 миң сомун мамлекет жардам катары берет. Бизде жок дары-дармектерди оорулуулар өздөрү сатып алышат. Кээде 45 миңден эки-үч эсе көп чыгым болгондор бар.

– Эмне үчүн жардам сурагандардын көбү «операцияны чет мамлекетте жасатабыз» деп айтышат? Кыргызстанда жасоого мүмкүн эмеспи?
– Бизде керектүү жабдыктар да, адистер да жетиштүү. Чет өлкөдө жасатабыз дегендердин көбү биз жасай ала турган жөнөкөй эле операциялар. Жасай албаган татаал операциялар бирин-экин эле болот. Биякта эле жасала турган операцияны чет өлкөдө жасатабыз деп элден жардам сурагандар бар. Негизи, жүрөк дартына байланышкан операциянын 90-95 пайызын бизде жасаса болот. Калганын аргасыздан чет жактарга, Орусияга, Иран жана Европа өлкөлөрүнө жөнөтөбүз.
Баса, айрымдардын оорубаган баласын ооруду деп эсеп ачтырып, элден жардам сурап, бизнес кылып жаткандарын да угуп жүрөм.

– Операция жасалган балдардын канча пайызы аман калат?
– Жылына 350дөн ашык ымыркайга операция жасап жатабыз. Ачыгын айтыш керек, операциядан кийин алардын 4-5 пайызы көз жумат.

– Операция учурунда жүрөктү канча убакытка чейин токтотосуздар?
– Ал операциянын түрүнө жараша, 3 саатка чейин токтотуп турабыз. Бул учурда адамдын организмин жасалма жол менен дем алдырып, жасалма кан айландыруучу жабдык организмди иштетип турат. Учурда Кыргызстан боюнча бизге катталып, операцияга кезекке турган 300дөн ашык бейтап бар. Былтыркы жылы деле ушундай болчу, дагы деле ошол көрсөткүчтө. Бирок канчасы бул дартты билбей, катталбай жүргөнү белгисиз.

Дамира Арстанова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тубаса жүрөк кемтиги оорусу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nur_meerim
2012-11-03 16:51:17
Kudai ai uwul 4yraktai naristeler oorubasyn4y! Eneler baldardyn ubalyn oilop bojunarga butkondo etiyattagyla4y surany4! Dary pary i4pei..
0
stafs
2012-11-03 22:15:34
Э, Кудай! Нарсителер оорубасынчы...
0
ulanamirbekov
2012-11-11 00:58:42
супер инфо бруцеллез оорусу боюнча да маалымат берип койгулачы сураныч
0
Miregia91
2013-11-16 16:39:51
Oo, Allaa suranam ech kim orubasynchy.
0
meky85
2013-11-16 20:24:50
Кудайым сактасын мындай оорулардан
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан