ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (29-октябрдан 4-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)Алдыдагы ишти бүтүрүүдө өзүм билемдик кылбай, жакындарыңыз менен кеңешип аткарсаңыз адашпайсыз. Шейшембиде алыс сапарга аттанууңуз мүмкүн. Ишембиде акчалуу болосуз. Жекшембиде жакын адам менен тил табыша албай, кер-мур айтыша кетүүңүз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул аптага белгиленген сапарды кийинкиге жылдырганыңыз оң. Жолдо жүрүү кооптуу дешет жылдыздар. Шаршембиде бүтпөй жүргөн ишиңиз жолго түшөт. Жума күнү чөнтөктү жукартууга мажбур болосуз. Апта соңу көңүлдөгүдөй эс алуу, жаңы таанышуулар менен өтөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада өзүңүзгө карата айтылган сөздөргө терикпей, сабырдуу болуңуз. Бейшембиде жеке жашооңузга байланышкан ишти аягына чыгарууну колго алсаңыз, жыйынтыгы жемиштүү болот. Жума күнү капчыгыңыз кампайып, көксөп жүргөн буюмуңузду сатып аласыз. Апта аягында коомдук жайлардын бириндеги иш-чарага баш багасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ички туюмуңуз менен иш кылсаңыз, анын арты өкүнүчкө алып келет. Көзүңүз жетпеген ишти тийиштүү адамдар менен кеңешип баштаганыңыз туура. Шейшембиге белгиленген жолугушуудан баш тартыңыз. Бейшембиде жагымдуу кабар угасыз. Дем алыш күндөрү жалган жалаанын курмандыгы болуп калуу коркунучу бар.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада карыз сурагандарга акча берүүдөн алыс болуңуз. Кайра кайтара албай убара тартасыз. Шаршембиде жумуш боюнча чет жакка барып келүүңүз күтүлүүдө. Зыян тартып калбайын десеңиз, жума күнү бейтааныш адамдардын сунушунан четте болуңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптада айрымдар сүйүктүүсүнө кезиксе, айрымдар үй-бүлө күтүүгө кадам ташташат. Аптанын экинчи жарымында жолдо жүрүүдө сак болуңуз, ден соолугуңузга зыян келтирип алуу коркунучу бар. Жекшембиде акча иштеринде так жана сак болбосоңуз, алдатып же жоготуп алышыңыз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын биринчи жарымында каржы жаатында маселе жаралып, анын арты чыр менен коштолушу мүмкүн. Шаршембиде жеке жашооңуз жакшы жагына өзгөрүшү күтүлөт. Бейшембиде кайдигерликтен улам мурдагы жетишкендиктериңизди жокко чыгарып алууңуз мүмкүн. Андыктан бардык нерсеге ынтаа коюу керек.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Мурда берген убаданы бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, пайдаланып калыңыз. Бейшемби, жума күндөрү түгөйлөр ортосунда таарынышуулар жаралат. Айрымдар кесиптештери менен тил табыша албай, анын арты чоң маселеге айланышы мүмкүн. Апта соңунда каржы тартыштыгы кыйнайт. Андыктан колдо бар каражатты үнөмдөгөнгө аракет кылыңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта ичинде жардам сурап кайрылгандарга кылган аракетиңиздин арты өкүнүч менен аяктап калышы мүмкүн. Ошондой эле башка бирөөнүн ишин бүтүрүүгө убада кылбаңыз. Шаршембиде эмгегиңиз текке кетип, көңүлүңүз чөгүшү мүмкүн. Ишембиде каржылык абалыңыз жакшырат. Жекшемби сиз үчүн жагымдуу жаңылык менен коштолот.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптадагы ар бир ишиңиздин жыйынтыгы жемиштүү болуп кубанасыз. Ошондой эле апта жаңы таанышуулар, узак сапарлар менен коштолот. Бейшембиде кандай иш болсо да так болуңуз, болбосо катачылык кетирип аласыз. Жума күнү чечилбей келген маселенин пайдасы сиз тарапка оойт. Жекшембиде эс алуучу жайлардын бирине баш багасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта ичинде чөйрөңүздөгү тааныштарыңызды алмаштыруу керектигин байкайсыз. Шейшембиде иш боюнча пайдалуу сунуш түшөт, колго алыңыз. Шаршембиде ишиңизди ийгилик жылоолоп, кубанасыз. Кийинки аптада кыйынчылыкка кабылбайын десеңиз, жекшембиге белгиленген ишти соңуна чыгаруу керек.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада өз алдыңызча аракет кылсаңыз, акча жана жеке жашооңуздагы маселелер сиз тарапка чечилет. Шаршембиде айланадагылардын пикирин четке какпай, эске алыңыз. Жума күнү такталбаган маалыматка ишенип, дароо чечим кабыл алуудан оолак болуңуз. Дем алыш күндөрү базар аралап, керектүү буюм сатып алуу менен өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан