ЖООМАРТ ОТОРБАЕВ, КРнын 1-вице-премьер-министри:«МЕНИ САЯСАТКА МЕДЕТ САДЫРКУЛОВ АЛЫП КЕЛГЕН»

Бейне төрүн ээлеген каарманыбызды лондондук сэрге окшоштурдум. Интеллигент, маданияттуу, суроону кылдаттык менен угуп, анан астейдил түшүндүргөн, дегеле кийиминен өйдө биздин жоон топ аткаминерлерден айырмаланып турган Жоомарт мырза биз менен сылык-сыпаа баарлашып отурду.

ИЛИМПОЗ ЧИНОВНИК...

  • Жоомарт Каипович Оторбаев 1955-жылы 18-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн.
  • 1978-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин физика бөлүмүн бүтүрүп, 1981-жылы СССРдин Илимдер академиясынын Физика институтунун аспирантурасын аяктаган.
  • 1981-2005-жылдары КРнын Илимдер академиясынын Физика институтунда илимий кызматкер, Кыргыз мамлекеттик университети, Голландиянын Технологиялык университети, Кыргыз-Орус Славян университеттеринде профессор катары иштеп, Борбордук Азиядагы «Philips Eleсtronics» корпорациясынын өкүлү, Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер болуп эмгектенген.
  • 2006-2011-жылдары – Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ага кеңешчиси.
  • 2011-2012-жылдары «Ата Мекен» фракциясынын квотасы менен Экономика жана инвестиция боюнча вице-премьерликти аркалаган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрынан тарта ушул эле фракциянын сунушу менен өлкөнүн биринчи вице-премьерлигине келген.
  • 230дан ашуун илимий иштердин, монографиялардын автору.

– Жоомарт мырза, 30 жылга чукул физика тармагында иштеп келип, экономикага оодуңуз. Кесип алмаштырууга замандын талабы себепкер болдубу?
– СССРдин убагында физик менен математиктер жакшы айлык алып, чет жерлерге чыгып, аларга үй берилчү. Мектепти аяктагандан кийин Орусиядагы университетке тапшырып, анын аспирантурасын аяктап, чет мамлекеттерге чыгып келдим. Ортодо Союз ыдырап, мурункудай каржылоо жана колдоо болбой калды. Бул аралыкта Голландиядагы окуу жайдан чакыруу түшүп, ал жакта иштеп жүргөнүмдө «физик бойдон чет жерде калышым керек же эл-жериме барып, башка тармактан өзүмдү сынап көрүүм зарыл» деген тандоо койдум өзүмө. Кабыл алган чечимиме таянып, мекениме келип, биринчи бизнеске, кийин саясатка аралашып кеттим.

– Сизди саясатка маркум Медет Садыркулов алып келген дешет. Ошондойбу?
– Ооба. 1999-жылы ишкердик менен алектенип жүргөндө Медет Чоканович жана Зайнидин Курманов экөө мени чакырып калышты. Алар парламенттик шайлоонун алдында «Менин өлкөм» деген партия түзүп, анын лидерлигин мага сунуштап калышты. Бул кадам мен үчүн чоң дилеммага айланды. Анткени ал учурда саясатка баруу туурасында оюм жок эле. Макул болдум. Жыл айланбай, биринчи жолу партиялык тизме менен өткөн парламенттик шайлоодо бир мандат алдык. Катарда биринчи мен тургам, бирок ордумду Зайнидин Курмановго бошотуп бердим. 2006-жылга чейин партлидер болуп жүрүп, чет мамлекетке кетердин алдында Медет Чокановичтин өзүнө тапшырып бергем. Ал киши менен студенттик курактан тааныш элек.

– Бабаңыз Чоң-Кеминдин болушу, Шабдан баатырдын досу болсо, чоң атаңыз ири соодагер болгон экен. Сиздин балдарыңыз эмне менен алек?
– Беш балам бар, үчөө чет жерде иштесе, экөө мектепте. Улуулары экономика жана бизнес тармагын тандашты. Жакшы билим алышты. Бирок балдарым эле эмес, чет жерде окуп-иштеп жүргөн бүт кыргыз кыз-жигиттери кайсы бир күнү мекенине кайтып келишсе экен дейм.

– Жубайыңызчы?
– Ал да кесиби боюнча экономист, бирок үй-бүлөбүз чоң болгондуктан, балдарды тарбиялап үйдө.

– Ысымыңыз Жоомарт Бөкөнбаевдин урматына коюлуптур. Чыгармачылыкка жакынсызбы?
– Жок, мен лирик эмесмин. Убакыт болуп калганда китеп окуп калам. Детективдер жагат.

– Сизди орус тилдүү деп ойлочумун. Кыргызча жакшы сүйлөгөнүңүздү угуп отуруп, айрым саясатчылардын «жашымдан орусча окуп калгам» деген актануусу жөн эле шылтоо окшойт деп калдым...
– 1960-жылдары мектепке барганымда класста төрт гана кыргыз болчубуз. Фрунзе боюнча кыргыздардын саны 8 пайыздан ашчу эмес. Тилим орусча чыгып, кыргыз тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк да аз болгон. Азыр эртеден кечке эне тилинде гана сүйлөйм.

– Сиз Европада иштеп келип, азыр мамлекеттик чоң кызматта отурасыз. Бийликке келгенден бери кол алдыңыздагы кызмат орундарына чет жердеги мекендештерибизди чакыра алдыңызбы?
– Быйыл чоң эксперимент жасадык. Каржы полициясын жоюп, анын ордуна түзүлгөн органга жаңы кызматкерлерди эл аралык деңгээлдеги сынак менен тандап алдык. Коомчулук өзү айтып чыкты, «Каржы полициясы – коррупцияга баткан ведомстволордун бири. Ал жакка акча же туугандык байланыш менен гана жумушка алынат» деп. Эч кимге жашыруун эмес, ар бир кызматтын өз суммасы болуп келген. Тандап алууда депутаттын, өкмөт мүчөлөрүнүн туугандары менен катар акчасы, «крышасы» жок жаштар да келишти. Парламент мунун айынан канчага чейин сындады, пара алып жатышат дешти, бирок тастыктай алышпады.

– Айдоочусу жок жүрөт экенсиз, чынбы?
– Ооба, жумушум көбүнчө Бишкек шаарында. Ары-бери деле көп чыкпайм. 8 сааттык жумуш күндүн ичинде 7 саат бою айдоочуну кармап отургум келбейт. Ал жөн отуруп эмне кылат? Керек болсо, өзүм эле айдайм. Мындан маселе деле көрбөйм.

– Кийим тандоо табитиңиз, айрыкча галстукт­арыңыз өзгөчө. Стилист менен иштешесизби?
– Жубайым кеңеш берип калат, бирок кийимиме өзүм эле жооптуумун. Жакында эле Бишкекте Лондондогудан кем эмес дүкөн бар экенин угуп калдым. Бул жакшы көрүнүш. Кийимдеринин баасы 1000 доллардын тегереги экен, бирок анчалык кымбат буюм албайм. Ортоңку класстын кийимдерин сатып алам. Атайын өзгөчө көрүнөйүн деген максатым деле жок.

– Жакынкы жумуштук пландарыңыз кандай?
– Президент баш болуп коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатат. Быйыл ишкерлерге жардам берүү үчүн жакшы жумуштарды жасап, мыйзамдарды киргиздик. Бир эле Бишкекти алсак, буга чейин эч качан азыркыдай жол тыгыны болчу эмес. Бул эмненин көрсөткүчү? Элдин чөнтөгүндө акчанын бар экенинин.
Кыргызстандагы базарлардын феноменин көп айтам. «Дордой», «Кара-Суу» жана «Мадинанын» соода көлөмү – жылына 8-10 миллиард сом, ички дүң продуктудан эки эсе жогору. Бул акча бир гана базарда айланып жатат. Биз, кыргыз эли, кыска убакытта мыкты соодагер экенибизди көрсөттүк. Же Союз учурунда базарда кыргыз сатуучу көрчү белек? Жок! Азыр Орусия, Казакстан, Тажикстандын базарларын кармап отурушат. Чет жерде ата-энелер балдар-кыздарын товар сатууну, бизнес башкарууну билсин деп акчасын аянбай Оксфорд менен Кембрижден окутушат. Бизде кандай? Эч ким андай жерде окуган эмес, базарлар турмуштук университетке айланды.
«Нефть жок, газ жок» дебеш керек. Андай кенге бай өлкөнүн калкы нефти-газын сатып коюп жашай берет, чөнтөгү калың, курсагы ток, акыл-эсин иштетпейт. Учурдагы биздин милдет – жаштарга жакшы билим берүү шарттарын түзүү, кийин аларды жумуш орундары менен камсыз кылуу. Пайдубал курулуп баштады. Азыр ар бир кыргызстандык акыл-эсин иштетип, «кантип байысам болот?» деген ойдун үстүндө. Мунун баары бир күнү жакшы жыйынтыкка алып келет.

– Маегиңиз үчүн рахмат.

Эльвира Караева
Ташболот Досалиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев айдоочусуз жүрөт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Adikalon
2012-10-29 23:10:02
Чындыгында принципке катуу турган таза адам. Премьерлик орунга татыктуу болчусуз эмне себептен сизди корсотушкон жок билбейм. Бабановдун ремормаларынын 80% ушул адамга таандык. Ишинизге ийгилик!!!
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан