УЛАН МОЛДОДОСОВ

– Улан, спорттун бул түрүнө кандайча кызыгып калдың эле?
– Менин атам Өмүржан Молдодосов – белгилүү спорт чебери, машыктыруучу. Ал окуучу кезинде китепканадан кокусунан штанга көтөрүүнүн техникасы тууралуу китеп таап алыптыр. Анан ошол китепти окуп, өзүнчө эле машыгып, спорттун бул түрүн өздөштүрө баштаптыр. Атамды көрүп жүрүп эки иниси да машыгышып, талыкпаган аракеттин артында үчөө тең спорт чебери болуп чыгышкан. Анан биз жөн турабызбы?! Мен, эки иним да спортко, анын ичинде штангага кызыгып чоңойдук.
Ата-энем жана бир туугандарым шаарда турчу, мен чоң атамдын колунда Токтогулда чоңойдум. Эсимде, мен 5-6-класстарда окуп жүргөнүмдө айылга Эсен Майназаров деген машыктыруучу барып калды. Алда качан керектен чыккан бир имаратты сурап алып, өзү шыпырып-тазалап, спортко шыгы бар балдарды ошол жерде оор атлетика боюнча машыктыра баштаган. Алардын арасында мен да бар болчумун. Тандап-тандап отуруп өзгөчө таланты байкалган 5-6 баланы Бишкекке жөнөттү. Анда мен 8-класста окучумун. Ошентип, бул жакка Крупская атындагы спорт мектебине келип окуп калдык.

– Мелдешке алгачкы жолу канча жашыңда катыштың эле?
– 14 жашта болчумун. Бир күнү үйгө почта аркылуу конверт келди. Ачсак, мени СССР боюнча өспүрүм­дөр арасындагы мелдешке чакырган атайын чакыруу кагазы экен. Ошондо Беларусияга барганбыз. Даярдыксыз барганмынбы, негедир орун алган эмесмин, ошентсе да ошол биринчи жолку сапарым мага ушунчалык чоң кубанычты тартуулаган.

– Сенин ар бир ийгилигиңе атаңдын чоң салымы болсо керек?
– Кичине кезимде атамдын мага атайын көңүл бурганга убактысы да жок болчу. Анткени, ал чоң балдарды машыктырчу. Жумушка кетип баратканда көбүнчө мен дагы машинасына чыгып алчумун да, чоң балдардын машыккандарын көрүп өзүм эле кызыгып кеттим. Атам мага азыр деле моралдык гана колдоо көрсөтөт. Кандай мелдешке барбайын, атам мени менен чогуу барат.

– Орун албай калсаң жемелеген учурлары болобу?
– Жемелебейт, бирок, таарынып калат. 2003-жылы Италияга Дүйнөлүк универсиадага жөнөп калдык. Атам: "Балам, аракет кыл, биринчиликке мүмкүн­чүлүк бар" деди. Бирок, атамдын тилегин таш каап ал жактан 3-орунга илинип калдым. Ошондо атам эч нерсе деген эмес, бирок, үч күн мага сүйлөбөй койгон. Поездде бири-бирибизди тиктешип эле келгенибиз болбосо, сүйлөшкөн эмеспиз.

– Жеңиш менен келгениңде апаң кандай тосуп алат?
– Бизге көнү­мүш болуп калган. Кимибиз келсек да апам: "Келдиңби? Тамагыңды ич" деп коёт, болду. Ийгиликке жетишсек сүйүн­үп, жетишпей кал­сак күйүнүү деген нерсе биздин үйбүлөдө жок. Төбөң көккө жетип сүйүнгөнүң менен эки айдан кийин эле кайра мелдеш. Андан орун албай калсаң эмне болот?

– Мурда көтөрүп эле жүргөн штангаңды аренага чыкканда көтөрө албай калган учурларың болгонбу?
– Албетте. Андай учурлар көп болот. Бул ошол учурдагы абалыңдан көз каранды. Жакшы уктабай калсаң же туура эмес тамактанып алсаң эле күндө көтөрүп жүргөн штангаңды көтөрө албай каласың.

– Талаптагыдай тамактаныш үчүн кандай азыктарды колдонуу керек?
– Күчтүү тамактарды жеш керек. Мисалы, казы-карта, чучук. Менин шкафымдан бал, жер жаңгак, шоколад, кофе сыяктуу азыктар үзүлбөйт. Биз акчабыздын дээрлик баарын эле тамак-ашка коротобуз.

– Эң көп гонарар алганың качан болгон?
– Исламдык оюндардын жеңүүчүсү болуп келгенимде мамлекет тарабынан былтыркы жылы беш миң долларга ээ болгом.

– Дүйнөнүн канча өлкөсүнө баргансың?
– Дээрлик бардык эле жеринде болдум. Жада калса Мекеге чейин бардым. Анда ташка сыйынып, ажы болуп келүү­гө үлгүрдүм.

– Силердин машыгуу тартибиңер кандай?
– Таза аба, эч ким жок тоонун койнунда ижарага алган атайын коттеджибиз бар. Биз он чакты бала ошол жакта жашап, ошол жакта машыгабыз. Ал жакка кеткенибиздин себеби, шаарда ызы-чуу, эл көп. Бизге жада калса кыздарга көз артып, аларды көп караганга болбойт. Анткени, кыздарды көп карасаң, энергияң кетет.

– Анда сүйүү жагын кантесиңер?
– Спортсменге албетте, сүйүүгө тыюу салынган эмес. Ал ар бир адамдын жүрөгү­нө байланыштуу. Мисалы, менин деле сүйгөнүм бар.

– Ал сенин кесибиңе кандай карайт?
– Ал баарын түшүнөт. Экөөбүз бир жумада же эки жумада бир жолугуп турабыз.

– Качан үйлөнөйүн деген оюң бар?
– Мен спорттон кеткенимде үйлө­нөм го. Спорттон болсо эки жылдан кийин кетем деген оюм бар.

– Спорттон кеткенден кийин эмне жумуш кыласың?
– Менин инженерлик деле кесибим бар. Бирок, спорт­тон такыр эле башка чөй­рө­­гө кетип калгым келбейт. Андыктан, спорттон кеткенден кийин жок эле дегенде атамдай болуп машыктыруучу болсом деген тилегим бар.

– Токтогулдуктардын ырдай албаганы жок дешет. Сен да ырдайсыңбы?
– Туура, токтогулдуктар таланттуу келишет. Бир жолу шаардан бир концерт барып калса, көрүүчүлөрдөн бирөө чыга калып келген ырчыга: "Кач, сен ырдай албайт экенсиң, бери кел, сен ырда" деп өздөрүнөн бирөөнү ырдатып койгонун лакап кылып айтып жүрүшөт. Ырчылардын деле көбү менен таанышмын. Сыймык байкелерибиз болуп кетет, Бек байкенин болсо бир тууган карындашына менин бир тууган иним Кутман үйлөнгөн. Ушулардын баарына карабай, менин эмнегедир ырга шыгым жок экен. Бирок, концерттерге барып турам. Акыркы жолу апам менен Динара Акулованын концертине баргам. Азыркы ырчылардан болсо Мирбек Атабековдун бир ыры жагат.

ЖАРАТКАН ИЙГИЛИКТЕРИ:

1997-жыл. Кытай. Азия чемпионаты, коло медаль.
2002-жыл. Тайланд. Азия кубогунун жеңүүчүсү.
2003-жыл. Кытай. Азия чемпионаты, коло медаль.
2003-жыл. Италия. Дүйнөлүк универсиаданын коло медалы.
2004-жыл. Америка. Студенттер арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү.
2004-жыл. Олимпиада оюндарынын катышуучусу. 10-орун.
2005-жыл. Сауд Аравиясы. Исламдык оюндардын жеңүүчүсү.
2005-жыл. Дубай. Азия чемпиону.
2006-жыл. Ташкент. Азия кубогунун жеңүүчүсү.

КӨРСӨТКҮЧҮ:

Жулкуп көтөргөнү – 160 килограмм
Түртүп көтөргөнү – 200 килограмм

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 200, 1-7-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан