Орусиянын түндүк борбору болгон Санкт-Петербургда мигранттарды басмырлаган китепчелер таратылып, анын айынан чоң нааразычылык пайда болду. Анда Орто Азиядан барган мигранттар курулуш аспаптары катары сүрөттөлгөн. Мисалы, шыпыргы, сырдагыч, шпатель жана шыбак аспабы катары тартылып, ичинде баштан аяк ушул каармандардын катышуусунда мигранттарга кеңеш берилет. Ал эми полиция, дарыгер жана чек арачылар адам түспөлүндө эле чагылдырылган. Кыргыз, өзбек, тажик жана орус тилдеринде басылып чыккан китепче Орусиядагы диаспоралардын эле эмес, кыргыз коомчулугунун да кескин нааразычылыктарына кабылды. Тажик бийлиги учурда бул боюнча Орусия бийлигине расмий нота жибергени белгилүү болду.
Сын-пикирлер жаай баштаганда Санкт-Петербург шаарынын бийлиги бул китепченин басылып чыгуусуна тиешеси жоктугун айтып актанды.