«Мурунку премьер Өмүрбек Бабанов, экс-президенттин уулу Максим Бакиев Орусиянын ири мунай ишканасы «Газпром» менен биргеликте АКШнын транзиттик жүк борборуна күйүүчү май жеткирүүдөгү коррупциялык схемаларга аралашкан»,- деп «Прогресс фонду» коомдук бирикмесинин төрагасы Адил Турдукулов билдирди. Коррупциялык схеманын көрүнүшү кандай болгон?
Анын айтымында, 2005-2007-жылдары күйүүчү май жеткирүүнү толугу менен Өмүрбек Бабановдун «Aircraft Petrol Managment» жана «Aero Fuel Service» компаниялары жүргүзгөн. 2007-жылы ишти «Газпром» колго алып, ал «Mina Corp» менен биргеликте «Manas Aero Fuel» компаниясын түзөт. Көп өтпөй бул «майлуу токоч» 2008-2010-жылдар аралыгында Максим Бакиевге өткөн. Май жеткирүүдөгү коррупциялык схемалар башында кандай болсо, азыркы учурга чейин Максим Бакиевге иштеп жатканын Турдукулов маалымдады.