Чубак Сатаевдин жубайы АЙША САТАЕВА: «УУЛУБУЗ КАЗА БОЛГОН СОҢ ЧУБАК МУРУНКУДАЙ БОЛБОЙ КАЛГАН»

Чубак Сатаев... Бул маркум ырчы мукамдуу обондору, уккулуктуу ырлары, ак көңүл, жароокер мүнөзү менен элдин эсинде. Кыргыздын мындай чыгаан уулунун өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон ак жоолукчан жары ким? Артында калган уул-кыздарынын энеси, үйүнүн куту болгон Айша айым Чубак Сатаев менен өткөргөн өмүрү, учурдагы жашоо-турмушу тууралуу маек куруп берди.

– Сизди легендарлуу ырчы Чубак Сатаевдин жубайы, эми жаш ырчы Кубаныч Сатаевдин апасы катары эл жакшы тааныса керек?
– Маңдайыма экөөнү жазганы үчүн Кудайыма шүгүр дейм. Алардын артынан анча-мынча таанылып деле калдым окшойт. Атактуу адамдар менен турмуш куруунун жыргалы да, оорчулугу да бар. Ал үчүн чыдамкайлык керек.

– «Баары башынан болсун» дегендей, Чубак ага менен кантип таанышып, баш кошуп калгансыздар?
– Мен Бакай-Ата районунун Наматбек айылынан болом. 1981-жыл эле. Бир ирет кыштын кыраан чилдесинде курбум Чубактын айылы – Боо-Терекке турмушка чыгып, мен анын курбусу катары жеткирип келдим. Ошондо Чубактар да келип, ырдап-чоордоп тойдун көркүн ачып кетишкен. Көрсө, ал аскерден жаңы эле келип, бала бакчада музыкант болуп иштеп жаткан кези экен. Ошол тойдон көрүшкөндөн көп өтпөй Чубак велосипед тээп биздин айылга мени издеп барыптыр. Ата-энем мал багып сыртта болгондуктан, үйдө чоң энем экөөбүз болчубуз. Андыктан тартынбай эле Чубакты үйгө киргизип, чай бердим. Тамашалап сүйлөп отуруп «сени тойдо көрүп, жактырып калгам» деди. Арадан бир апта өтпөй достору менен барып, мени ала качып кетти. Ошентип, бирге жашап калдык.
1981-жылдын 24-ноябрында тун уулубуз Кубаныч жарыкка келди. 1985-жылы Бакыт, 1986-жылы Таалай төрөлдү. Бирок өмүрү аз экен, Бакыт 1991-жылы автокырсыкка кабылып, көзү өтүп кетти. Ушул баласын Чубак «менин балам» деп өзгөчө жакшы көрчү эле. Балдарын Жамбылга алпарып, баштан аяк кийим алып берчү. Кубанычты чоң апасы да багып калгандыктан, аны «чоң апасынын баласы», ал эми Таалайды мага «сенин балаң» деп коёр эле. Үйдө болгондо балдарын үстүнө мингизип алып, аларга ат болуп ойногонду жактырчу. Бакыт көз жумгандан кийин Чубак кадимкидей өзгөрүп, көп ыйлап, абдан жаман болуп жүрдү. Ошондон кийин мурунку Чубак болбой калды.

– Ырчынын өмүрү гастроль менен эле өтөт дешет эмеспи...
– Ооба да. Чубак гастролго кеткенде 3 балам менен калам. Үчөө тең кичине. Сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин кылам. Тамекиде иштейм. Чубак Таласка келгенде бир машина же бир автобус артисттер менен чогуу келет да, жумалап же айлап жүрөт. Анан эле үйдө кой союп, конок күтүп, бапырап жатып калабыз. Ошол кезде Базарбаева деген белгилүү ырчы боло турган. Чубак мени тамашалап, ошонун фамилиясынан «Айша Базарбаева» деп эркелетип койчу. Артисттер келсе, «кана, Айша Базарбаева, дасторконуң жаз» деп шаштырып калар эле.

– Чубак агай кандай мүнөзү менен сиздин жана элдин эсинде калды деп ойлойсуз?
– Ак көңүл, эч кимге жамандыгы жок, боорукер, колу ачык жан болчу. Иштен каччу эмес. Азыркы биз жашап жаткан 6 бөлмөлүү тамды өз колу менен салган. Кушчубек кайним экөө ылай тебелеп, кыш куюп, ичи-сыртын өздөрү шыбашкан.

– Ырчылар көбүнчө ошол айлаган гастролдордун айынан үй-бүлөсүндө талаш-тартыштар жараларын айтып келишет...
– Кээде аялдык кылып, ичимден «ушундай эрдин барынан жогу» деп алчу элем. Бирок эл ырларын баалап, төргө өткөзүп сыйлап жатышканын көрүп, «кой, чыгармачылыгына тоскоол болбоюн. Ачка калтырган жери жок» деп ичимден өзүмдү тыйган учурларым көп эле болду.

– Катуу тийсе кечириңиз, Чубак агай кийин башкага баш кошуп кетти. Демек, сиздин чыдамдуулугуңузду, түтүмдүүлүгүңүздү баалаган жокпу?
– Антип деле айта албайм. Эми эл ичинде жүрсө, бирөөлөр көзүнө түшсө, жакшы көрүнсө керек да. Анын үстүнө экөөбүз жаш баш коштук.
Үчүнчү уулубуз Таалайдын төрөлгөнүнө 2 ай болгондо Чубак Кенже деген ырчыга баш кошуп кетти. Экөө 2,5 жыл жашады. Ошол 2,5 жылда 2 ирет автокырсыкка кабылышты. Сыягы, балдардын убалы тийди окшойт деп ойлойм. Кийин Чубак «жаңылдым, жаздым» деп келди, жараштык. Кайрадан чогуу 4 жыл жашагандан кийин, 1993-жылы өзү кайтыш болуп кетпедиби. Кан басымы көтөрүлүп, инсульт болуп жыгылып, ооруканада бир апта жатты. Ошондон ары карай кете берди. Өзү чертип жүргөн аккордеону Кубанычта калды.

– Сизге арнаган ыры барбы? Дегеле ыр, обондорун кайсы убакта жаратчу эле?
– Обон чыгарарда көбүнчө пианиносунун жанынан чыкпай, тамак да ичпей, кирип-чыгып кыңылдап калар эле. Андайда эч кимибиз үстүнө кирчү эмеспиз. Ырларынан «Жаз жамгыры», «Тектир саз», «Түштүк кызын» өтө жакшы көрүп, үзбөй ырдап жүрдү. Бир ирет ошол «Жаз жамгырын» мага арнап чыгарганын айтканы бар.

– Балдарыңызга тарбия берүү жаатында көпчүлүк учурда жалгыз болуптурсуз да, демек?
– Балдарды мен катуу кармадым. Ошондонбу, айтор, биринин да отурушка, «свиданиеге» деп суранганын же менден качып барганын көргөн жокмун. Мисалы, Кубанычты мектепти бүтүп жаткандагы отурушка гана жибердим. Ата-энелерге кошулуп өзүм да бардым. Бир карасам, тамылжып калыптыр. «Ичтиңби?» десем, «апа, бир эле бокал шампан ууртадым» деди. «Ии» деп чыгып кеттим. Ошондон бери азыркы күнгө чейин өз көзүм менен ичкенин көрө элекмин.

– Азыр эми неберелерге тарбия берип үйдө элесизби?
– Союз жоюлуп, эл тамекиде иштебей калгандан кийин ооруканада тамак таратуучу болуп иштеп кеткем. Азыр да ушул жумуштамын.

– Маегиңизге чоң рахмат.

Канымжан
Усупбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Nasipa
2012-10-29 10:19:30
Азаматсыз Айша эже тагдырдын оор сыноосуна сынбай, ушундай уулдарды тарбиялап, чонойтунуз. Мындан аары балдарыныздын сый-урматын коруп, журо бериниз.
+2
spinkub
2012-10-29 10:31:09
Узун омур чын ден соолук каалайм!Балдарыныздын бактысына аман болунуз!!!
+1
Gulya_2012
2012-10-29 13:21:43
Балдарыныздын сый урматын коруп.торунда аман журунуз.чын доолукта узун омур каалайм!!!
+1
Riskul
2012-10-29 13:38:07
Baktyluu bolunuz.
+2
Aygul
2012-10-29 16:42:44
Омурунуз узун болсун!
+1
Melina
2012-10-29 22:37:34
Uzun omur chyn den-sooluk kaalaim baldarinizdin ubain korup juro beriniz chidamduu ekeniniz korunup turat.
0
chicagogirl
2012-10-30 00:23:05
Ден соолукта болунуз. Эчкачан кайгы капа корбонуз. Омурунуз узун болсун!!!
0
Gulzat-88
2012-10-30 12:09:49
акылдуу аял экен.
+1
kaniet
2012-10-30 13:38:22
Азаматсыз эже, дагы да омурунузду берсин, уулдарыныздан урмат коруп, торундо жадырап чайын ичип, неберелериниздин кулкусуно мас болуп омур сурун эже!!!
+1
bai.kymbat
2012-10-30 19:32:47
абдан жонокой аял экен
+1
rtkb
2012-10-31 18:52:44
азаматсыз сизге +5 эмес эле +100
+1
Evelet
2012-11-02 08:08:40
Мындан кийин жалан бакыттын кучагында кун откоруунузду Аллах буюрсун.
0
Jamalym
2012-11-03 13:34:41
Аллах бактылуу карылыкты ыроолосун.
0
Keisi
2012-11-23 10:16:12
аябай акылдуу апа экенсиз, балдарыныздын арасында жаркырап жайнап журо бериниз
+1
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан