Амир Аскаров «Тата Уландын «Карындаш» деген ырынын обонун мен жазгам» деп айтып жүрөт. Бирок буга чейин Тата Улан «Карындаштын» обону да, сөзү да өзүмө таандык» деп айтып келген. Этноакын бул тууралуу: «Амир бир даяр аранжировкасы бар экенин, аны сатарын айтып, ар кимге сунуштап жүргөн экен. Мага жагып калып, сатып алгам. Алдын ала жарым акчасын бергем. Бир айдан кийин ырды жаздырып, калган акчасын алып барсам, бул аранжировканы башка бирөөгө сатып жибергенин айтты. Мага биринчи саткандан кийин кайра экинчи ирет башкага сатпашы керек эле да. Айла жок макул болуп, акчасын берип, алып кеттим. Кийинчерээк бул аранжировка менен жаңы чыгып келаткан ырчылардын бири да ыр жаздырып, эл алдына алып чыкты.
Кыскасы, Амир «Карындашымдын» обонун жаздым» деп жаңылып калыптыр. Кантип эле ал мага обон жазып берсин? Негизи, Амир таланттуу бала, бирок кичине сөзүнө турбаганы капа кылат. Эки жыл мурун «Ысык-Көл» деген жаңы ыр жазам дегенинен сатып алам деп алдын ала акча бергем. Ал да жок»,- деп капа болду.
Ал эми Амир Аскаров буга: «Тата Уландын «Карындаш» деген ырынын обонун эмес, аранжировкасын мен жазгам. Бирок ал жерде ырдын багыты рэп стилинде болуп жаткандыктан, обону деле болбойт да. Бул аранжировкага Улан байке алдын ала акча таштаганы чын, бирок кийин мага акча керек болуп чалсам, «күт, болбосо албайм» дегендей сүр көрсөткөн. Анан мен башкага сатып жибергем. «Ысык-Көл» деген ыр тууралуу өзүнчө башка тема»,- деп айтат.