Жакында эле Гүлнур Асанова, Сайра Момунбаева баш болгон өнөрпоздор АКШнын Хьюстон шаарына барып, улуттук баалуулуктарыбызды чет жерде даңазалап кайтышты. «Улуу Жибек Жолу» деп аталган түрк тилдүү элдердин ортосунда өткөн жарманке-фестивалга 6 мамлекет катышкан.
Кыргыз фольклорун тартуулоо боюнча мекендештерибиз астыга озгонун баса белгилеп кетпесек болбос. Фестивалда Сайра Момунбаева модельер катары улуттук кийимдерин көрсөтсө, Гүлнур ырчы эле эмес, модель катары да өзүн сынап келиптир. Мурун Гүлнурду актриса, ырчы деп билсек, эми модель деп да атап калат окшойбуз. Кантсе да бардык жактан өздөрүн үлгүлүү көрсөтүп, атайын дипломдорго ээ болуп кайткан өнөрпоздорубузду куттуктайбыз!