«Бир элес», «Асыл тумарым» деген ырлары менен шоу-бизнеске аралашып, жаштардын табитине жаккан ырларды жаратып жүргөн ырчы Абир Касенов бойдокчулук менен коштошту. Сүйгөн кызы Ажар экөөнүн үйлөнүү тою 21-октябрда борборубуздагы ресторандардын биринде болуп өттү.
«Ажар менен таанышканда эле келечекте менин жубайым болоруна көзүм жеткен» дейт ырчы. Азыр да айга-күнгө теңеген келинчегине көз тиет деп эл астына чыгаргысы келбей жатыптыр. «Ажарды тойго келген досторумдун көргөнү деле жетишет. Башка эч кимге көрсөткүм келбейт, анткени жубайым өтө сулуу»,- деп ырчы кубанычы менен бөлүштү. Биз да Абирдин куш боосу бек болуп, сүйүүсү түбөлүктүү болушуна тилектешпиз!