КАЙЫРГҮЛ: «ДАЙЫРДЫ СОТКО БЕРСЕМ, ЖЕҢИП ЧЫГАМ»

Дайыр Исмадияров бизге берген интервьюсунда «Кайыргүл менин деңгээлимдеги кыз эмес» деп ырчы кызды катуу сынга алды эле. Карап турмак беле, Дайырга ачууланган Кайыргүл мындайча жообун кайтарды:
Баары «Кайыргүл сүйүүсүн тапты» деген менин жаңылыгымдан башталды. Ошол кезде чынында эле шоу чөйрөдөгү бир жигитти сыртынан жактырып жүргөм. Бирок ал Дайыр эмес болчу. Ичиме сыр катпаган жаным «бир жигитти жактырып калдым» деп интервью берерим менен Дайыр мага уйгактай жабыша баштады. «Бул жаңылыкты пайдаланып, экөөбүз кыз-жигитпиз деп пиар кылабыз» деди. Мен «мындан эмне тапмак элек?» десем, «экөөбүз жөнүндө жазышат да» деп койгон. Чынында, мен терең ойлобой эле «макул» деп коюптурмун. Кийин Дайыр берген интервьюларында «сүйлөшкөн кызым ырчы» деп, бирок атымды атабаса да, менин кылык-жоруктарымдан бери сүрөттөп туруп алды. Ошондо эле ага токтот дегем. Анан эле мага суроолор жаай баштады, «Дайыр сенин жигитиңби?» деген. Ошондо мен «бул – Дайырдын пиары» деп ачык эле айтып салгам.
Дайыр акыркы берген интервьюсунда өзүнүн чыныгы жүзүн ачты, ким экенин көрсөттү. Анын «Кайыргүл менин деңгээлимдеги кыз эмес» деген сөзү үчүн «моралдык жактан зыян тарттым» деп сотко берсем деле жеңип чыгам. Дайыр мени менен кыз-жигит болмок тургай, тырмагымдын учун да кармаган эмес. Мени сырты жалтырак, ичи калтырак кыз көрсөтүп коюптур. Ооба, мен периште эмесмин. Орус мүнөз, ачык-айрым, жакпаса бетке айткан текебер кызмын. Бирок абийирим жайында. Эгер менин абийирим жок болсо, Дайырды не кылам, депутатты кармабаймынбы?!

Чынында, кимге пиар керек болгон, Кайыргүлгөбү же Дайыргабы? Муну окурмандар өздөрү баамдап алышар. Баса, гезитибиз басууга кетер алдында Дайыр Исмадияров телефон чалып, «өткөн интервьюмда катуу кетиптирмин. Катуу айтып алганым үчүн Кайыргүлдөн кечирим сурайм» деген сөзүн айтты. Ушуну менен Кайыргүл жана Дайырдын айтышы токтосо керек деп ойлойбуз.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кайыргүл: "Дайырды сотко берсем, жеңип чыгам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (95)
kristall
2012-11-02 12:43:26
TolonturCN, жигит жигиттей болбой жатса буулугат да. Канчасы чындык ким билет, бирок Дайырдыкы жигитчилик эмес да. Башка айта турган соз толтура го, кыздардын жалтырак, калтырагын сындабай. Эми жылуу жерге алып барып сынап келген чурогунун денгээлин да коруп же угуп калаарбыз...
0
amalia
2012-11-02 12:43:41
emne uchun jash kyzdar ushundai situatsialardy deputattar mn salyshtyryshat alar degen atalary menen teng kishi bolso andan koro jash bashy bosh tachki tartkan bala 100 ese artyk ko? jashoonun mangyzy akcha emes ekenin tushunushso jakshy bolmok
+2
Jole
2012-11-02 12:51:58
омееей де!!!Экоо журуп алышып анан биринин бетин бир тырмаганы жакшы экен!!! Дайыр сен жигиттик кылып аял адамга тен келбей эле койсон болмок экен.И так эле киминердин денгээлинер канча экенин баары эле билишет. но, кечирим сураганын жакшы болуптур)))
0
syn4y.group
2012-11-02 13:09:47
Маликаны орусча суйлойсун дейсинер буга эмнеге унчукпайсынар! бирок кайыргул чын журогунон эле суйлоду окшойт
0
syn4y.group
2012-11-02 13:12:27
кайыргулду мага жалко.....байкуш жагымдуу создорду айтып кулагын ушаласа ишенип калды да....конечно менин оюмча
0
best-life
2012-11-02 13:12:55
айййййяй, депутаттар деп, депуттар менен шоу-бизнестин копуросун ким ачса да жакшы кылган экен ээээээээ))) бул копурону ким тузсо да ошол адамды таап ага сыйлык бериш керек))) бул кыздын ыманы ысык эле экен, бирок, мобу содорду айтканына караганда бир топ эле онору бар окшойт ырчылыктан сырткары хи-хи-хи!
+2
kyrgyzajym
2012-11-02 13:50:59
Soz jok bul kyzga,taanybajt da ekenmin.:(
Kyrgyz4a ele sujlonuz4u,surany4,kyjyrdy keltirbej.:)
+1
Marykey
2012-11-02 23:28:39
Eger 4ynynda ele ke4irim surasa anda al, kyiyn adam korunot. Any da suragandy bili6 kerek.
0
samat__kg..
2012-11-03 00:44:00
Парни Кайыргуль только моя.. Кайыргуль я люблю тебя до слёз...
0
aidosha_1185
2012-11-03 03:36:00
Кайыргул кыргызчаны так суйлогонду уйронсо...
0
Aigul_90
2012-11-03 14:08:05
менин оюмча Дайыр озун аябай эле которуп алгангоооо,менин денгелимдеги кыз эмес деп
0
FEN
2012-11-03 14:32:02
Albette kan4alik taarini4 bolso dele Dayir erkektik kilip ozunun da bawkanin da siyin tuwurboso bolmok. Menin oyum4a Dayir tuura emes kildi.
0
asil.ai
2012-11-03 18:40:07
ммм."Баёо,обыкнавенный калк да ал жакта. эмне десе
ишене берет "дейби,бирок эл жакшы билет ким жалган
суйлоп атат азыр,корунуп эле турбайбы.
0
milanchik.eto.Tilek
2012-11-04 15:18:16
ой ой Эмне бар бир бирин жамандап,Звездалар депуттар деп калганго
0
marsirena
2012-11-13 00:15:21
билимдуу кыз экен, корунуп турат
0
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан