БИШКЕКТИН МЭРЛИГИН МЭЭЛЕГЕНДЕР КӨБӨЙДҮ

26-октябрдан тартып өлкөдө шаардык кеңештердин шайлоосунун үгүт кампаниясы старт алды. Үгүт 23-ноябрдын түнкү саат 24:00үнө чейин жүргүзүлүп, 25-ноябрда жергиликтүү жана шаардык кеңештерге добуш берүү өтөт. Бишкек шаардык кеңешине шайлоо парламенттик же президенттик шайлоодон кем болбосу күтүлүүдө. Анткени утуп чыккан партия борбор калаанын мэрин тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

КАЙТАЛАНГАН РЕКОРД
Биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында шаардык кеңешке 23 партия ат салышмакчы. Ооба, БШКнын элегинен өтпөй калганы, алсыздары менен мүмкүнчүлүгү көбүрөөктөрү соодалашып, биригүүлөр да болушу мүмкүн.
«Ата Мекен», КСДП жана «Ар-намыс» карт партиялар. Бирок ЖКга болгон жарышта бири да көпчүлүк орунду камсыз кыла алган эмес. Көпчүлүктү таң калтырып, парламенттик жарышта баарынан көп мандатка ээ болгон «Ата Журт» партиясынын азыр абалы баштагыдай эмес. Эмоцияга алдырып, Ак үйдү басып алмакчы болуп барып камакка алынган лидеринин тагдыры учурда бул партиянын мүмкүнчүлүктөрүн бир топ чектеп койду.
Учурда «Республиканын» дымагы күч. Жагымсыз чуу менен өкмөт башчылык орундан кеткен Өмүрбек Бабанов акчанын күчүнө жана харизмасына таянып, шаардык кеңешке шайлоодо биринчи орунга чыгууну көздөп турат.

КИМДЕ КАНДАЙ МАКСАТ БАР?
Жогорку Кеңеште отурган беш партия чындап эле өздөрүнүн күчтөрүнө ишенгендер. Алардын шаардык кеңешке аттанган талапкерлеринин катарын калк арасында кадыр-баркка ээ болгондор толуктоодо. Булардан айырмаланып жок дегенде бир мандат алып, аны соодалашуу үчүн колдонууну максат кылган партиялар да бар. Буга Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоо мисал боло алат. Азыркы мэр Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» жетиштүү добуш ала албай, бир добуш чечүүчү роль ойногон. Тагдырдын тамашасы менен ошол шайлоодо «Замандаш» партиясы бир мандатка ээ болуп калган. Шаардык кеңешке өткөн депутат партиянын республикалык саясий кеңеши берген буйрукка кулак салбай, Мырзакматовдун партиясы түзгөн коалицияга кирип, Мелис Мырзакматов шаар башчылык кызматын сактап калган.

ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ЖООН ТОБУ
25-октябрда БШК партиялар берген талапкерлерди каттап бүттү. «Ар-намыс» партиясы Өмүрбек Суваналиевди биринчи катарга алып чыкканы белгилүү. Эки генерал буга чейин бири-бирин байма-бай сындап келишсе да, адистер Куловдун бул кадамын шаардык электоратты колдон чыгарбоо аракети деп баалашууда. Партиянын андан аркы тизмесинде «ар-намысчы» лидердин жубайы, журналисттер, мектеп жетекчилери, мурдагы элчи жана бир нече ишкерлер жүрүшөт.
«Ата Мекен» болсо тизмени жетектөө вазыйпасын ЖКнын депутаты Жоомарт Сапарбаевге берген. Ахматбек Келдибековду спикерликтен жана Өмүрбек Бабановду премьерликтен оодарып түшүүдө ушул жаш депутат негизги кыймылдаткыч күч болуп бергенине баарыбыз күбө болгонбуз. «Ата Мекендин» тизмеси да ишкерлерден куру эмес.
Жакында эле оппозицияга өткөн «Республика» саясий айдыңда «Ата Мекенге» уттуруп койгондон кийин кайрадан реванш алууну көздөөдө. Буларда талапкер тизмесин учурда жумушсуз, мурдагы Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев баштады. Тизменин андан аркы саптарын да өкмөт башчы менен чогуу кызматтан кеткен команданын мүчөлөрү улайт.
Ал эми КСДПнын тизмесинен дароо эле Марат Аманкулов көзгө урунат. Мурдагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси жана шаардык кеңештин экс-депутаты. Андан кийин жети-сегиз мектептин директорлору жана Бишкектеги чоң беш базардын кожоюндары бар. Шаар башчылык креслосун сактап калууга Иса Өмүркулов тымызын аракет кылуусу мүмкүн. Анткени президент Алмазбек Атамбаев учурдагы шаар башчысына шайлоону таза өткөрүү, административдик ресурсту колдонууга кескин бөгөт коюу тапшырмасын берген.
Шаардык кеңеште көпчүлүк добушту алып, калаа башчылыгына ээ болуш үчүн кеминде 23 мандатты камсыз кылыш керек.

КАРАЖАТ КАЙДАН КЕЛЕТ?
Үгүт учурунда акча суудай эле агат. Расмий эмес маалыматтар боюнча, 2010-жылы парламенттик шайлоо учурунда «Республика» партиясы 40 миллион доллар жумшаганы айтылган. Бул партия эми деле каражат жагынан аянбасы түшүнүктүү. «Ата Мекен» болсо «акча көп сарптабайбыз, биздин партия идея үчүн добуш бергендерге» деп билдирди.
Фаворит аталып жаткан КСДП, «Ар-намыс» деле көп кыйналышпайт өңдүү. Анткени талапкерлеринин арасында ишкерлер көп.
Мындан «Ата Журт» дээрлик бардык позициялар боюнча үн ката элек.

ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ
Бул жолу кошумча тизме деген жок. Шаардын шайлоо тизмесинде катталган жарандар гана добуш бере алышат. Баш калаада убактылуу каттоодо тургандар шайлоого катыша алышпайт.
Шаардык кеңешке 7 пайыздан ашык добуш алган партия өтөт. Эгер бир да партия жогорудагы чекти аша албаса, анда эң көп добуш алган 3 партия мандаттарды бөлүшүп алышмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 521, 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан